Парламент мөңгүлөрдүн тагдырын эртең, 16-ноябрда чечиши мүмкүн

Жогорку Кеңеш мөңгүлөрдүн тагдырын эртең, 16-ноябрда чечиши мүмкүн. Бул тууралуу парламенттеги агрардык саясат жана суу ресурстары боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров SUPER.KG`ге билдирди.

"Кечээ бул мыйзамга нааразы болгон тараптар, депутаттар мөңгүлөрдүн абалы менен жеринен таанышып келдик. Ал жакка 28 депутат барып келүүгө кызыкдар болгон эле. Анын ичинен 18 депутаттын ден соолугуна байланыштуу "Кумтөргө" барууга дарыгерлер уруксат беришкен жок. 10 депутаттын ичинен 6 депутат барып келдик.

Менимче, бул маселе эртең, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Мыйзам долбооруна каршы болгон активисттер да мөңгүлөрдү жеринен көрүп, ошол жерде иштеген жарандар менен жолугуп ойлору өзгөрүп келди. Мыйзамды үчүнчү окууда колдоо же кайра экинчи окууга кайтарып, сунуштарды кабыл алуу жагы Жогорку Кеңештеги депутаттардын колунда болот", - деди депутат.

Ал эми Назаров өзү бул мыйзамга карата добуш берүү жагын Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын пикирлерин уккандан кийин бир чечимге келе турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан