SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Коомдук транспорт жана биз" деген тема талкууга алынган. Аталган тема мындан 6 жыл мурун ачылган, бирок анда айтылган айрым көйгөйлөр бүгүнкү күнгө чейин чечиле электигин байкоого болот.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Троллейбуска отуруп, үшүгөнүмдөн сынып кала жаздадым. Эмне үчүн ичин жылытышпайт? Мамлекетке элдин акчасы эле керекпи? Коомдук транспортторго канчалаган адамдар, анын ичинде кары-картаңдар, жаш балдар отурушат. Жетчү жериңе жеткенге чейин ден соолугуңдан айрылчудайсың".
"Эгер колумдан келсе, Бишкек шаарыбызга метро, трамвайлар жүрүүчү жолдорду курат элем, эх-х..."
"Троллейбуска көп адам түшсө эле ичи бир заматта жылыйт, ал тургай ысый да түшөт. Ошондуктан көп-көп түшүп жүрөлү".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.