super.kg logo

ТЕСТ: Памирлик кыз-келиндер эмне үчүн ак жана кызыл жоолук салынышат? Улуттук кийимдердин маңызын биле жүрүңүз

 

Кыргыздын улуттук кийимдери — элдин тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Кыргыздар бири-биринин абалын, жаш курагын, эл арасындагы ордун кийиминен эле аныктап билишкен. Кыргыздын абалын айтып берген улуттук кийимдер, салттар тууралуу маалыматыңызды сынайм десеңиз тесттен өтүңүз.



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Кыюусу кара түстөгү ак калпакчан мырзаны кыргыздар ким деп түшүнгөн?

Мырза үйлөнгөндөн кийин кыюусу кара ак калпак кийген. Калпактын мындай түрү мырзанын үй-жайы бар экендигин, анын турмушу ак-карасы аралаш пендечиликке өткөндүгүн башкаларга сездирип турган.

Кийинки суроо


Ырчы мырза деп
Аң уулоого бараткан адам деп
Үйлөнгөн жигит деп

Кыргыздын салтында кайсы учурда аял эл алдында чачын жайган?

Чач жайуу кыргыз коомчулугунда аза күтүүнүн белгиси болгон. Атасы, бир туугандары же жолдошу кайтыш болгон кыз-келиндер чачын жайып аза күтүшкөн.

Кийинки суроо


Жакын адамы каза болгондо
Жоо келгенде
Күйөөсү жоого аттанып жатканда

Чоң энелер калпакка кандай ырым-жырым менен топчу тигишкен?

3-8 жаштагы балдар абдан ойноок, тентек кезде алар адамдардын көзүнө көп чалдыгышат. Ар кандай көздөн сактоо үчүн чоң энелер кийимдерге топчу тигип коюшкан.

Кийинки суроо


Байлык чакырат деп
Кыздардын көңүлү бурулсун деп
Көз тийүүдөн коргойт деп

Кош өрүм чач кимге өрүлгөн?

Кыз бала бойго жетип турмушка узап баратканда жеӊелери чогулуп кыздын чачын кош өрүм кылып өрүшкөн. Муну менен кыздын бирөөнүн жары болуп, бирөө менен жуп болгону белгилүү болгон.

Кийинки суроо


Улгайган аялдарга
Конокко бара турган аялдарга
Турмушка узап бара жаткан кызга

Кыргызда эл башкаруучулар гана кийген, эң баалуу, аземдүү бут кийим кандай аталган?

Кыргыздын элдик бут кийимдеринин ичинен эң баалуу жана аземдүүсү- "көк жеке" деп аталган. Эркектердин кымбат баалуу бул өтүгүн эл башкаруучулар гана кийген.

Кийинки суроо


кете
көк жеке
чокой

Белдемчини кыргыз аялдары көбүнчө конокко барганда кийсе, эркектер жоого чыкканда тагышкан. Ал эми жаш келин үйдө деле белдемчи тагып жүрсө эл эмне деп түшүнгөн?

Белдемчи -кыргыз элинин кеңири колдонгон кийими болгон. Эгер жаш келин күнүмдүк тиричиликте да белдемчи тагып жүрсө, аны жаңы төрөгөн деп билишкен.

Кийинки суроо


Жаңы төрөгөн келин деп түшүнүшкөн
Ата-энеси сеп берген келиндер белдемчи таккан
Уз келин деп түшүнүшкөн

Өлкөнүн түштүгүндө аялдар көк, кара, жашыл түстөгү кийимди кийбейт. Себеби?

Түштүктө аялдар жакын адамы каза болгондон кийин "көк" киет. Жакын адамынын ашы өткөнгө чейин ачык түстөгү кийим кийбейт жана жалаң көк, жашыл, кара түстөгү жоолук салынышат. Бул аза күтүүнүн белгисин билдирет.

Кийинки суроо


Ысыктан коргонуу үчүн ачык түстөгү кийимдерди тандашат
Мындай түстөгү кийимдер эркектерге таандык деп түшүндүрүлөт
Бул түстөгү кийимдерди аза күткөн аялдар гана киет

Памирлик кыргыз кыз-келиндер кызыл жана ак түстөгү жоолук салынышат. Жоолуктун түстөрү эмнеден кабар берет?

Памирлик кыргыздардын кыз-келиндери кызыл-тазыл түстө кийинишет. Турмушка чыккан келиндердин айырмасы ак жоолук салынат, жаш кыздарга кызыл жоолук салып коюшат.

Кийинки суроо


Ак жоолукту келиндер, кызыл жоолукту кыздар салынат
Ак жоолукту хандын аялдары, кызыл түстөгүсүн карапайымдар салынат
Жайкысын ак, кышкысын кызыл жоолук салынышат

Кыргызда эркектер кышкысын тон кийишкен. Тон айрым аймактарда кандай аталат?

Тонду ичик деп да аташат. Ал эркектин кышкы сырт кийими, ашатылып, өңдөлүп, ак же боёлгон койдун терисинен жүнү ичине каратылып жасалат.

Кийинки суроо


чепкен
ичик
кементай

Жаңы келген келинге кандай таризде ак түстөгү жоолук салышат?

Кыргызда ак түс жакшылыктын жышааны деп таанылган. Буга байланыштуу жаңы келген келин "Ак жолтой келин болсун" деген тилек менен ак жоолук салуу калыптанган салтка айланган.

Кийинки суроо


Тазалыгын байкоо үчүн
Бейтааныштар ак жоолукчан аялды жаңы келин деп түшүнсүн деген таризде
"Ак жолтой келин болсун" деген ырым менен

Бешмант дегенди уккан чыгарсыз, ал кийимдин кайсы түрүнө кирет?

Бешмант – аялдар, эркектер кийген жеңил тыш кийим. Кыргыздарда анын эки түрү белгилүү: жеңи узун бешмант жана жеңи кыска бешмант.

Кийинки суроо


Аялдар, эркектер кийген жеңил тыш кийим
Малчылардын жайкы кийими болгон
Эркектердин баш кийими

Кыргыздын салтында жесир аялдын жоолугу бош ташталып, ээгине байланган эмес. Маанисин кандай түшүнөсүз?

Бул башы бош дегенди билдирет. Күйөөсүнүн ашы өткөндөн кийин ак жоолук салып, ээгин байлап коюшкан. Бул кийинки турмушка даярдыктын, азанын бүткөнүнүн белгиси.

Кийинки суроо


Кара жоолукту байлаганга болбойт
Башы бош дегенди түшүндүргөн
Азасы жеңил болсун деген маанини түшүндүргөн

Кыргыз элинде хандык даражага жеткен адам тебетейдин төбөсүн кызыл менен тыштатып кийүүгө мүмкүнчүлүк алган. Бул тебетей кандай аталган?

Бир чөлкөмгө бийлик жүргүзгөн, башка урууларга таанымал кадыры да, бийлиги да бар адамдар кундуз тебетей кийишкен. Алар тебетейдин төбөсүн кара менен каптатышса, хандык даражага жеткендер кызыл менен каптаткан. Бул тебетейди "Кызыл чок" деп аташкан.

Кийинки суроо


Кундуз тебетей
Түлкү тебетей
"Кызыл чок" деп аталган

Кыргызда чачпакты кимдер таккан?

Чачпак - эки өрүм чачка байлануучу азем буюм. Аны аялдар келин болуп баргандан тартып тагынышкан. Чачпак аялдарга сулуулук, кооздук сымбаттуулук тартуулап, боюн түз кармап жүргөнгө шарт жараткан

Кийинки суроо


Келин болуп баргандан тартып аялдар тагынган
Бардык эле кыз-келиндер тагынган
Жесир аялдар

Кыз башына такыя кийсе эмнени билдирет?

Кыргызда кыз бой жете баштаганда ага жүз аарчыга сайма сайдырышкан. Эгер ал сайманы кооздоп сая алса, башына такыя кийгизишкен. Кыздын такыя кийгени - жашоого даярдыгы башталгандыгынан, өз себин өзү даярдай тургандай уздук чеберчилиги жетилгенинен кабар берген.

Кийинки суроо


Кедей-кембагалдын кызы дегенди түшүндүрөт
Кыздын жетилип калганынан кабар берет
Кудалаганы бар деп түшүнүшкөн

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(36)
16.11.2017. 18:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
11-04-2017
Соӊку аракети:
10-11-2018 08:38
Жынысы:
Белгисиз
-2
94 упай ката жооп 1
16.11.2017. 18:25 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
08-11-2018 18:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-1
94
16.11.2017. 18:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
22-03-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 16:59
Жынысы:
Белгисиз
0
80.Туура жооп 12.Ката жооп 3.Кыргыздын улуттук кийимдеринин маанисин мыкты билет экенсиз дейт)))
16.11.2017. 18:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
29-10-2017
Соӊку аракети:
25-04-2018 13:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
54
16.11.2017. 19:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
12-02-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 21:05
Жынысы:
Белгисиз
-2
100 упай)))
16.11.2017. 19:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
13-10-2018 18:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moscou
0
74 ! Дин тутунуп араб болуп кеткендер!!! Кыргыз аялзатынынын озгочолукторун коршусун!!! Азаматсыздар!!! Ийгиликтер!!! Мындай сынак суроолорун кобойтунуздор!!! Алга Кыргыз!!!
16.11.2017. 21:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
16-08-2015
Соӊку аракети:
05-11-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
0
bosmos77777,кыйратасын Дин тутунбай же Кыргыз болбой кайдагы Европанын кийимин кийип журушот.Сага окшогондор же динден жок же улуттук кийимден жок.Сен деле кыска шортик тар джинсы кийип журсон керек.Же эмне калпак кийип чапан кийип журосунбу
16.11.2017. 19:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
0
87
16.11.2017. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-08-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 15:29
Жынысы:
Белгисиз
0
94
16.11.2017. 19:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
08-11-2017
Соӊку аракети:
07-11-2018 13:37
Жынысы:
Белгисиз
0
54 упай аябай аракет кылдым
16.11.2017. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
339
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 18:38
Жынысы:
Белгисиз
0
67
16.11.2017. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
14-02-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 18:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
0
80
16.11.2017. 20:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
333
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 21:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
74 упай
16.11.2017. 21:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
630
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 23:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи жолу 100%
16.11.2017. 22:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
01-05-2017
Соӊку аракети:
21-02-2018 07:58
Жынысы:
Белгисиз
0
74
16.11.2017. 22:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
29-08-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 16:54
Жынысы:
Белгисиз
0
80 балл
16.11.2017. 22:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
18-10-2017
Соӊку аракети:
25-03-2018 18:49
Жынысы:
Белгисиз
0
80 упай.Озумдон озум уялып кеттим.3 ката жооп.Билишибиз керек улуттук кийимдерди.
16.11.2017. 23:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
22-10-2016
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:30
Жынысы:
Белгисиз
0
1000
16.11.2017. 23:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
14-03-2014
Соӊку аракети:
05-05-2018 15:46
Жынысы:
Белгисиз
0
47
16.11.2017. 23:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
21-01-2017
Соӊку аракети:
14-05-2018 00:10
Жынысы:
Белгисиз
0
80
16.11.2017. 23:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-10-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 02:34
Жынысы:
Белгисиз
0
74
16.11.2017. 23:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
21-10-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 16:38
Жынысы:
Белгисиз
0
74упай 11туура,4ката
17.11.2017. 00:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 23:56
Жынысы:
Белгисиз
0
87 балл. 2 суроо ката
Snejana түзөттү 2017-11-17 00:07:39
17.11.2017. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
21-03-2018 15:37
Жынысы:
Белгисиз
0
94
17.11.2017. 11:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 17:39
Жынысы:
Белгисиз
0
80упай
17.11.2017. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
17-09-2015
Соӊку аракети:
19-12-2017 21:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
80
17.11.2017. 21:04 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
466
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
0
60 упай болду
18.11.2017. 02:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
18-10-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 01:27
Жынысы:
Белгисиз
0
60 упай алдым.Такыя деген мне
22.11.2017. 19:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
15-11-2018 00:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
0
80 упай,12си туура
03.12.2017. 14:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
13-06-2014
Соӊку аракети:
15-10-2018 02:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Орто болот 67упай экен
19.02.2018. 13:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
13-06-2017
Соӊку аракети:
12-05-2018 13:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи жолу 100%
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117643;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: