Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 17-ноябрда Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Форумдун ачылышында Орусиянын президенти Владимир Путин сөз сүйлөдү. “Алты жылдан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн чыгармачыл ишмерлери искусствонун, билим берүүнүн, тарыхый жана маданий мурастарды сактоонун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулап келген. Алар өз идеялары менен бөлүшүп, гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын аныктоо үчүн Санкт-Петербургга чогулушат”, - деди Путин.
Атамбаев форумдун ачылыш аземине Путиндин чакыруусу менен барган.