Нарында жыл башынан бери жол кырсыктарынан 35 адам каза болду

Нарында жыл башынан бери жол кырсыктарынан 35 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын облусунун аймагында жыл башынан бери 106 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 189 адам ар кандай жаракаттарды алышса, 35 адам каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 6,19 пайызга аз.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын макулдугу менен, ноябрь айынын үчүнчү жекшенбиси жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү күнү катары жарыяланган. Быйылкы жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү күнү 19-ноябрь күнүнө туура келип калгандыгына байланыштуу, Нарын ОИИБи боюнча патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери, Нарын облусунун аймагында унааларды токтотуу менен бирге, үч мүнөттүк үндөбөө менен коштолгон акция өткөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан