Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылоодо 66 техника, 147 жумушчу иштеп жатканы айтылды

Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу ишинде 66 техника, 147 жумушчу иштеп жатат. Транспорт жана жолдор министрлигинин билдиришинче, жумушчулардын 112си жергиликтүү, 35и чет элдик жарандар. Азыркы тапта курулуш иши трассанын 45-51-чакырымдарында жүрүп жатат. Бул тилкеде 1105 дарак кыйылып, жол жээктери тазаланган. Трассанын 54-59-чакырымдарында 1029 дарак кыйылып, жол жээгин курулушка даярдоо, тоскоолдук жараткан зым карагайларды жана аялдамаларды четке жылдыруу иштери уланып жатканы айтылат маалыматта. 35-40-чакырымдарда 560, 15-21-чакырымдарда 286 дарак кыйылганы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу долбооруна Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 100 миллион доллар бөлүнгөн. 65 миллион доллары кредит, 35 миллион доллары грант. Долбоордун алкагында трассаны тийиштүү жабдыктар менен жабдуу, эл жашаган аймактарда трассанын эки тарабына теӊ жаӊы тротуарларды куруу, жол четиндеги арыктарды оӊдоо, жөө адамдар жердин астынан жана үстүнөн өтүүчү тилкелердин эскисин жаӊылоо, жаӊысын куруу иштери да жасалууга тийиш.

Кыргыз мамлекетинин Транспорт жана жолдор министрлиги менен Кытайдын "China Railway" компаниясынын ортосунда 70 миллион 239 миӊ 899 доллар суммасындагы келишимге кол коюлган. Келишим 3 жылга түзүлгөн. Мындан тышкары 365 күн мүчүлүштүктөргө жоопкерчилик мезгили үчүн каралууда. Ошентип долбоорду ишке ашырууга жалпы 4 жыл берилди. Трассаны жаӊылоо иши 2020-жылы аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан