Алмазбек Атамбаев: "Жогорку Кеңеште акылы кыска депутаттар бар"

"Жогорку Кеңеште акылы кыска депутаттар бар". Мындай пикирин бүгүн, 20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

"Мен парламентти, албетте, сындап келем. 6 жыл ичинде өлкөнүн өнүгүүсүнө парламент тарабынан тоскоолдуктар болуп жатты. Зиядин Жамалдиновдой депутаттар жолдорду курууга насыя албашы керек деп кыйкырып жатышты. Айрым акылы кыска адамдар чогулуп калыптыр. Дагы бир мисал, парламенттеги 3 ун өндүрүүчү олигархтардын кызыкчылыктарынын айынан миллиард сом грант ала албай жатабыз", - деди Атамбаев.

Андан соң ал парламенттин иштөө мөөнөтүн 5 жылдан 4 жылга кыскартуу туура экенин айтты. "5 жыл парламент үчүн көп окшойт. 4 жыл кылалы. Президенттин да иштөө мөөнөтүн 6 жылдан 5 жылга кыскартууну карашыбыз керек" , - деген оюн айтты президент.

Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти сындады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан