Тажикстандын Башкы прокуратурасы интимдик кызмат көрсөткөн келиндерге барган эркектерди жазалоо демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура административдик кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, ал парламентте 2018-жылдын башында карала тургандыгы белгиленген.
Тажикстандын Башкы прокуратурасынын башкармалык башчысы Фаррух Рауфовдун айтымында, сойку аялдарга караганда аларга барган эркектер катуураак жазаланса интимдик кызмат көрсөткөн кыз-келиндердин саны азаят.
Тажикстанда коомчулук бул демилгени түрдүүчө кабыл алган. Айрымдары Башкы прокуратуранын демилгесин колдосо, башкалары муну бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланат дешет.
Тажик парламенти 2015-жылы сойкулук менен алектенген кыз-келиндерге айып пул салууну колдогон. Бирок өлкөнүн мыйзамдары боюнча сойкулук кылмыш деп саналбайт. Айрым маалымат булактары аталган мамлекетте акыркы жылдары сойкулардын саны көбөйгөнүн жазган.