“Коопсуз шаар” долбоору боюнча үч компания менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда парламенттин тийиштүү комитетинде вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.
Анын айтымында, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн бюджетке оорчулук алып келбеш үчүн өкмөттүн пландары бар. “Аталган долбоорду башка чет элдик компанияларга берүү. Баягы кадр, системдер аркылуу коррупциядан арылбайбыз деген чечимге келип жатабыз. Эгерде биз чет элдик компанияларга берсек, кетирген каражаттарынын бардыгын актап, системди биздикилерге үйрөтүп таштап кетет”, - деди Кенекеев.