Кыргыз тарап Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал боюнча БУУда баяндама жасады

Кыргыздын БУУдагы өкүлчүлүгү уюмга мүчө мамлекеттерге Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат берди. Бул тууралуу 21-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

17-ноябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өткөн жыйында экономикалык, экологиялык жана каржылык маселелерге тийиштүү резолюциялардын топтому каралган. "Бир тараптуу экономикалык чаралар - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык мажбурлоо каражаты" деген резолюция талкууланганда Кыргыздын уюмдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева билдирүү жасап, Казакстан 1,5 айдан бери Кыргыз-Казак чек арасында адамдардын, товар жана транспорт каражаттарынын эркин кыймылына жасалма тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтты.

Кыргызга зыян келтирүү максатында Казакстан тараптан экономикалык жана транспорттук блокада колдонулуп жатканын белгиледи.

Жогоруда аталган резолюцияны 116 мамлекет колдосо, 2 мамлекет каршы болушту. Ал эми 49 мамлекет добуш берген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан