Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" тегерегинде жумушсуз, аракеч адамдар көбөйдү, алар эл көп өткөн жолдун так ортосуна жатып алууну адатка айланткан. Мындай билдирүүнү бүгүн, 23-ноябрда "Элдик кабарга" окурман жөнөттү.
Анын айтымында, сыртынан ден соолугу чың, жапжаш, күчтүү көрүнгөн эле эркектердин мас абалда базардын ар кайсы жеринде жатканын көп көрө баштаган.
"Ош базары" борбор калаадагы эл эң көп барган жайлардын бири. Мекендештерибизден тышкары чет элдик туристтер да базарга келишет. Бекерчи эркектер мас болуп алып жолдун ортосуна жатып алышса туристтерден уялат экенсиң. Мындан тышкары алардын мындай жоругу жаштарга терс таасирин тийгизип жатат. Балким, айрымдар турмуштун соккусунан сынган адамдар деп жаны кейип, боору ооруйт. Бирок менин аларга ачуум келет. Адам өзүн-өзү колго алыш үчүн эрк жана күч керек. Менимче, алар жалкоо адамдар. Базардын тегерегиндеги мас абалда жүргөн бул жарандар көзөмөлгө алынабы?" - деп жазган ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.