Арстанбапта элдин эсебинен 3 мектеп курулууда

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында элдин эсебинен 3 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган аймактын айылдык кеңешинин депутаты Давлет Арзикулов билдирди. Ашар жолу менен башталган окуу имараттарынын экөөсү мектептерге кошумча класс катары курулса, үчүнчүсү 3 кабаттан турган жаңы мектеп.

"Айылдагы Кош-Терек участкасындагы орто мектепке кошумча имарат куруу зарыл болчу. Анткени мектеп тар болуп окуучулар үч нөөмөт менен билим алууга аргасыз эле. Мектеп куруу демилгеси көтөрүлгөндө ушул жерде жашап чоңойгон, кийин чет жакта иштеп жүргөн жеке ишкер Абыд Ташполотов 5 миллион сомго жакын каражат берди. Арстанбап айылдык кеңеши да мектеп курулушуна айылдык бюджеттен 500 миң сом карап бергенбиз. Андан сырткары жергиликтүү калк, мугалимдер курулуш иштерине көмөк көрсөтүштү. Ошентип узуну 22 метр, туурасы 9 метрден турган мектеп курулду. Учурда жылуулук системин ишке ашыруу каралып жатат. Ушундай эле зарылчылык айылдагы №19-мектепте бар эле. Бул мектепке да элдин салымы, эл аралык демөөрчүлөрдүн колдоосу чоң болду. Ал эми айылдык кеңеш тарабынан жергиликтүү бюджеттен 400 миң сом каралып, учурда курулуш иштери аяктап калды", - деди ал.

Ошондой эле аталган аймакка жаңы 3 кабаттуу мектеп салынып жатканын кошумчалады.

"Ал эми Турбаза участкасында балдар жети чакырым аралыкты жөө басып, кошуна айылдагы мектепке катташкандыктан, жыл сайын кышкы суукта кыйналышат. Мындан улам жергиликтүү калк тарабынан 3 кабаттуу жаңы мектеп курулууда. Ага 300 түтүн үй-бүлө кол сунган. Экинчи кабаты курулуп жаткан билим уясы кийинки окуу жылына ишке берилүүсү пландалып жатат", - деди Арзикулов.

Жергиликтүү кеңештин депутаты бул мектептер бардык мамлекеттик стандарттарга ылайык келе турган шартта курулуп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kushtari
2017-11-26 13:19:26
Жакшы эл озу аракет кылбаса болбой калды
+4
argen_kg.95
2017-11-26 15:41:44
Бүтөйүн деп калганда эми кыйраткансып Жепжутарлар жардам беришет да, биз бүтүрдүк дешет.
0
Adilet_adi
2017-11-26 16:49:16
Озбектер кыйын, Бул жакта только озбектер жашайт
0
Kutman9595
2017-11-26 21:06:55
Арсланбап эмеспи я?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан