Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Жугуштуу гепатит (сарык) оорусу Чүй, Ысык-Көл жана Бишкекте көп катталды"

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын ала дарылоо жана текшерүүдөн өткөрүү департаментинин оперативдүү маалыматтары боюнча, 12-ноябрдан 18-ноябрга чейин республика боюнча жугуштуу оорулардын 4212 фактысы катталган. Алсак, Бишкек боюнча жугуштуу гепатит (сарык) оорусу боюнча октябрь айында 652 факты болсо, анын 5 пайызы борборго сырттан келгендер арасында. Жалпысынан алганда акыркы мезгилде аталган илдеттин өсүүсү байкалбаса да, өлкөдө эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Мындай илдет менен эң көп ооругандар Чүй (165), Ысык-Көл (114) жана Бишкекте (377) экени белгилүү болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымат таратты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан