Арменияда Евразия экономикалык биримдигинен чыгуу боюнча парламенттик угуу өттү. Парламенттеги "Елк" оппозициялык фракциясы демилгелеген долбоордо Армения аймагында ЕАЭБдин ишин токтотуу үчүн келишимдерди жокко чыгаруу сунушталган. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Мыйзам долбоорунун автору "Елк" фракциясынан депутат Эдмон Марукян өлкө ЕАЭБге киргенден кийин бир канча социалдык-экономикалык тармактарда артка кетүү байкалганын айтты.
"Коопсуздук планында өнүгүү болгон жок. Инвестициялык агым 2014-жылы 167,4 миллиард драм (болжол менен 350 миллион доллар) болсо, өткөн жылы ал араң 81 миллиард драмды (болжол менен 167 миллион доллар) түзгөн. Январь айынан баштап баалар дагы кымбаттайт. Орусия Азербайжанды заманбап, мыкты курал-жарактар менен камсыздоону улантып жатат", - деди Эдмон Марукян. Андан соң депутат Армения дайыма эле насыяга курал-жарак сатып ала албай турганын кошумчалады.
Айта кетсек, ЕАЭБ 2015-жылы түзүлгөн. Ага Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргыз Республикасы кирет.