Диний ишмер Чубак Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айтты. Бул маалыматты SUPER.KG порталына да тастыктады. Ал "Сизди экинчи аял алды деп уктук, ошол чынбы?" деген суроого төмөндөгүдөй жооп узаткан.
"Ооба, үйлөнгөнүм чын. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун, ал бир аз капа болуп жатат. Эми анын капа болгонго, кызганганга укугу бар. Экинчи аялым Түркияда бала багып иштеп жүргөн, күйөөсү өтүп кетип жесир калган 30 жаштагы келин.
Мен кыздарды Кытайга, Түркияга, Орусияга жибербегиле деп айтып келем. Үйлөнгөнгө ниетим жок эле, бирок мен өзүм элге үлгү болуп берейин дедим. Мен баштабасам, анда ким баштап берет? Колунан келген эркектерге үйлөнсүн деп айтам. Кээ бир учурда биринчи аялдар капа болуп, мени бага албай жатасың дешет. Ырыскы эки адамга да жетет. Биздин кыздарыбыз талаалап жүрөт, ошолорду көргөндө намыстанабыз. Кыздарыбыз кор болбогон жер калган жок. Ошондуктан күйөөңөр экинчи аял алганга жарай турган болуп колунан келсе, бир аз кызгангыла, ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла. Бардыгы ордуна келет, бул биздин элибиздин салтында бар.
Эч кимге жашырган жерим жок, ата-энесинин алдына барып, урматын алып кеттик. Анткени элибизде "калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт" деген сөз бар", - дейт Чубак Жалилов.
Айта кетсек, Чубак Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргыздын Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Учурда ал Аалымдар кеңешинин мүчөсү. Биринчи аялы экөөнүн ортосунда эки кыз, үч уулу бар.