Конфедерациялар Кубогу клубдар арасындагы Дүйнөнүн Суперкубогуна алмашат

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Конфедерациялар Кубогун клубдар арасындагы Дүйнөнүн Суперкубогуна алмаштырат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 4 жылда бир жолу өтүп, ага Дүйнөнүн 6 континентинен 24 команда катышат. Алардын 12си Европа континентинен. Чемпиондор Лигасынын жана Европа Лигасынын акыркы 4 жеңүүчү командалары. Калган 4 команда УЕФАнын рейтингине жараша тандалат.

Ал эми Түштүк Америкадан атактуу 5 клуб катышса, Азия, Түндүк Америка жана Африкадан 2 клубдан катышат.

Айта кетсек, Конфедерациялар Кубогу Дүйнө чемпиондугуна бир жыл калганда өтүп, ага даярдык катары эсептелчү. Жалпысынан 8 команда катышат. Алар: үй ээси, Дүйнө, Европа, Азия, Түштүк Америка, Түндүк Америка, Океания жана Африканын чемпиондору.

Эске салсак, 2017-жылы Конфедерациялар Кубогу Орусияда өтүп, анда Германия курама командасы жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Samina007
2017-11-30 11:50:40
Мен түшүнбөй калдым.ошондо клубный чемпионат мира менен кубок конфедерация биригеби.
+1
APCEH
2017-11-30 12:05:01
Samina007, Менин тушунгонум боюнча клубдар эле ойнойт, ойшойт. М: Реал, Барселона, Манчестер, Бавария эми ЧЛ уткандарда.
+1
FlFA-UEFA
2017-11-30 14:55:19
Samina007, Ооба, мурда өлкөлөр ойночу, эми клубдар арасындагы дүйнөлүк супер кубокко алмашат экен).
0
Bakulya97
2017-11-30 22:04:58
Анча тушуксузго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан