super.kg logo

Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан 33 шахта аныкталды

 

Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан 33 шахта аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган инспекциянын мыйзамсыз көмүр казууну алдын-алуу, кен казууда техникалык коопсуздук талаптарын камсыздоо боюнча жүргүзгөн рейд учурунда Кызыл-Кыя шаарында 33 шахта мыйзамсыз иштегени такталган.

"Жеринде көмүр казуучу жайлардын ишин токтотуу талабы менен 15 шахтанын башчыларына административдик айып жана 3 жаранга протокол толтурулган. Жеринде чогултулган материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн каржы полициясына жөнөтүлдү. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык мэриясына жана Үч-Коргон айыл өкмөтүнө өзүлөрүнүн аймагындагы шахталардын ишинин мыйзамдуулугун, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кырсыктарды алдын алуу максатында көзөмөлдү күчөтүп, тийиштүү чараларды көрүү боюнча эскертүү баракчалары таратылды", - деп айтылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.11.2017. 14:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
481
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл-Кыяда ошончо шахта барбы
30.11.2017. 16:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
05-09-2018 20:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Ermekbai,Кызыл-Кыя комур шаары. Менин шаарым. Кызыгы мамлекет эми аныктаппы мыйзамсыз шахталарды? Бул деген чон бизнес.
Elmira8084 түзөттү 2017-11-30 16:13:43
30.11.2017. 22:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
628
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигжиген жака отпойсунорбу,каждом шагу шахтаго, цемент завод жакта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114638;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: