Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралмак. Бирок Шыкмаматов ооруп жатканына байланыштуу отурум 4-декабрда саат 9:30да улана турган болду.
Эскерте кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына Шыкмаматовдун жардамчысы анын жүрөгү ооруп ооруканага түшкөнүн билдирген.
Айта кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.