Ошто 6-класстын окуучусунун жансыз денеси өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалым болгондой, 29-ноябрга караган түнү болжол менен саат 2 чамасында милицияга "Тез жардам" кызматы тарабынан Шакиров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 2005-жылы туулган Ф.Ю. аттуу мектеп окуучусунун жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү-тергөө тобу чыгып, маркум өзүнүн уктоочу керебетинде жатканын көрүшкөн. Денесин кароо учурунда анда көптөгөн тактар бар болгон. Маркум Ош шаарындагы мектептердин биринде 6-класста окуган.
Бул үй-бүлөнү билген адамдардын "баласына көп зомбулук көрсөтчү" деген көрсөтмөсүнө таянып, ошол эле күнү маркумдун 46 жаштагы атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Атасы буга чейин сот жообуна тартылганы маалым болду. Бүгүн анын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат.
Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен (адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү) кылмыш иши козголду.