Индияда убактысынан эрте төрөлүп, чарчап калган эгиздердин бири тирилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда индиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Нью-Делидеги ооруканалардын биринде убактысынан эрте 22 жумалык болуп төрөлгөн эгиздердин бири төрөт учурунда каза болгон. Кыска убакыттын ичинде эгиздердин экинчиси да чарчап калган. Дарыгерлер ымыркайлардын сөөгүн баштыкка орошуп, ата-энесине беришкен. Үй-бүлө наристелерди жерге берүүгө камданып жаткан учурда баштыктын ичинде оролгон ымыркайлардын бири кыймылдаганын байкашкан. Мындан улам алар наристени эң жакынкы ооруканага алып барышканда наристе тирүү экени аныкталып, тийиштүү жардам көрсөтүлгөн. Бул окуядан кийин үй-бүлө укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Полиция кызматкерлери бул боюнча териштирүү иштерин баштады.