Бишкекте жерде жаткан наристени тепкен адамга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кармалган адам 1967-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну экен. Ошондой эле ал наристенин атасы экендиги аныкталды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, кечээ, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен.