Бүгүн, 4-декабрда диний ишмер Чубак Жалилов Бишкек ШИИББине экинчи ирет чакыртылып, өзү айтып жаткан "экинчи аялы" тууралуу суроолорго жооп берди. Мекемеден SUPER.KG'ге кабарлашкандай, Жалилов кеп болуп жаткан аял экинчи аялы эмес экенин айтты.
"Жалилов ал аял жөн гана сүйүктүүсү экенин айтты. Аны менен жарандык да, расмий да никеси жок экен. "Бир гана балдарымдын апасы жубайым" деди. Андан сырткары интернетке тараган видеодо эч кимди мыйзам бузууга чакырбаганын белгиледи", - деп билдиришти ШИИББден.
Эске салсак, диний ишмер Чубак Жалилов өткөн жума элден келген суроолорго жооп берип жатып экинчи аял алганын айткан видеосун тараткан. Анын мындай аракети катуу талкууга алынып, "Кылым шамы" борборунун директору Азиза Абдрасулова диний ишмердин айткандарын текшерип чыгып, укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.