Бүгүн, 6-декабрда Кара-Балта шаарындагы сейил бактардын биринде каргалардын массалык өлүп жатканын өлкөдөгү басылмалар жазып чыгышкан.
Жайыл районунун ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын жетекчиси Насыпбек Мураталиев мындай окуя жылда эле кайталана турганын SUPER.KG порталына айтты.
"Каргалар биринчи суу аралаш жааган кардагы сууктан, мүмкүн ачкалыктан өлүшү мүмкүн. Өлгөн каргалардын саны деле көп эмес. Негизи мындай окуя биринчи жолу катталып жаткан жок, жылда эле болот. Былтыр да биринчи карда каргалар өлүп аларды лабораторияга алып барып текшерүүдөн өткөргөнбүз, жыйынтыгы жакшы эле чыккан. Кандайдыр бир ылаңдын белгилери болгон эмес", - дейт Насыпбек Мураталиев.
Андан сырткары ал учурда Кара-Балта шаарында үй канаттуулары толук көзөмөлдө экенин, кандайдыр бир каптаган ылаңдын жок экенин кошумчалады.