Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
super.kg logo

Куркулдак ак куу Ысык-Көлдө жана Чатыр-Көлдө байырлайт. Анын сурнайдыкындай салтанаттуу үнүн ким укту эле?

 

Кыргыз жеринде байырлап, Ысык-Көлгө, Соң-Көлгө жана Чатыр-Көлгө көрк кошкон канаттуулардын бири - куркулдак ак куу. Алар 1959-жылдан тартып корукка алынып, 1985-жылы Кыргыз ССРнин Кызыл китебине кирген. Учурда Ысык-Көлдө 1000ден ашык, Чатыр-Көлдө 8 баш куркулдак ак куу бар экени айтылып келет. Ал эми Соң-Көлдө 1999-жылга чейин эки жуп уялаган.

"Каратал-Жапырык" мамлекеттик жаратылыш коругунун улуу илимий кызматкери Айнура Асанованын айтымында, куркулдак ак куунун салмагы 14 килограммга чейин жетет. Анын сырткы түспөлү жалпы жонунан ак, буттары кара, тумшугунун өңү саргыч кара болот.

"Куркулдак ак куу өтө сезимтал келип, сак канаттуу. Жыныстык жагынан 4 жылда жетилет. Уясына 5-7ге, кээде 10го чейин жумуртка тууйт. Жумурткаларын ургаачы ак куу басат, кээде гана азыктануу үчүн уясынан чыгат. Жумурткаларын басып чыгаруу мөөнөтү 31-40 күн. Басып чыгарган балапандарын өстүрүп чоңойтуу учурунда чоң ак куулар өздөрү дагы түлөшөт. Жаш ак куулар эки айдан кийин канат кагып, учуу аракеттерин көрө башташат. Күзүндө өз тобу менен чогуу учуп кетишет", - дейт Асанова.

Куркулдак ак куу көбүнчө суудагы жана жээктеги өсүмдүктөр менен азыктанат. Ал сууда жеңил каалгып сүзгөндө, сууда өзүнүн сөлөкөтү чагылып, артында жалтырак толкундун изи калат. Ак куу обочо, адам бара алгыс көлдөргө, жыш камышка уя салат.

"Ал сайроочу куштарга кирбейт. Ышылдак ак куу каркылдай алат, ал эми куркулдак ак куу сурнай үнүндөй салтанаттуу үн салат. Ак куунун үнүн жазында түндүктү көздөй учуп өткөндө угуу өзгөчө жагымдуу. Апрель айында көк асманда ак куулардын тизилип, учуп бара жатышы – жаратылыштын өзгөчө ажайып көрүнүшү эмеспи. Куркулдак ак куу келгин канаттуу болгондуктан алар Ысык-Көлгө кыштап кетишет. Сибирде жана Казакстанда уялашкан ак куулардын топтору түштүк жактарына учуп кетишет", - деп кошумчалады илимий кызматкер.

Ошондой эле ал ак куулардын азайышына бир катар факторлор себеп экенин айтты.

"Ак куулардын азайышына көлдөрдүн тартылышы, климаттын өзгөрүүлөрү, мергенчилердин аларды атып жок кылуулары жана башка антропогендик таасирлер себеп. Өлкөдө ак куулар 1959-жылдан тартып корукка алынган. Келгин учурунда республиканын бардык жерлеринде кездешет. Ысык-Көлдө массалык түрдө кыштайт. Жайында кээ бир учурда ири көлмөлөрдө кездешет.

Биринчи жолу 1968-жылы июлда Соң-Көлдөн алардын балапандарын, кийин 1975-жылы май айында ошол эле жактан 5 жумурткасын табышкан".

"Каратал-Жапырык" мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Бакыт Чороевдин айтымында, Ысык-Көлдө күзүндө 1000ден ашык куркулдак ак куу чогулат. Катуу суукта Ысык-Көлдүн тайыз жерлерин байырлашат, муз каптаганда ачкадан өлүү коркунучу бар. Кээде сууга тоңгон же ачкадан алсыздаган ак куулар бүркүттөргө жем болушат.

Соң-Көлдө бир-эки жуп 1999-жылга чейин уялаган. Ал эми Чатыр-Көлдө 2009-2010 жылдары 2 жуп, 2011-2013-жылдары 5-6 баш куркулдак ак куу каттоого алынган. 2014-жылдан бери жана азыркы учурда 8 баш катталган.

"Чатыр-Көлдө тыкыр көзөмөлгө алынып, куркулдак ак кууну изилдөө иштери башталууда. Мыйзамсыз аңчылык кылуу орчундуу зыян келтирет. Колго багууда оңой көбөйөт. Балапандарын ата-энеси биргелешип өстүрөт. Ак куу колго тез үйрөнөт, зоологиялык бакта Австралия кара куусу менен ынтымактуу жашагандыгы белгилүү.

1985-жылы Кыргыз ССРинин Кызыл китебине жана Казакстандын Кызыл китебине киргизилип, аңчылыкка тыюу салынган. Учурда "Каратал-Жапырык" жана Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коруктарынын аймактарында коргоого алынган. Ысык-Көлдө ак куулардын кыштоо мезгилинде коргоо чаралары күчөтүлөт. Жаратылышты коргоочу максаттуу иш-аракеттерди күчөтүп, корук режимдерин туура сактап, жаш муундар жана калк арасында түшүндүрүү, үгүт-насаат иштерин жүргүзүү зарыл", - дейт аталган коруктун башчысы.

Чатыр-Көлдө тартылган сүрөт.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224-токтомуна ылайык куркулдак ак куу үчүн 25 000 сом өлчөмүндө айып каралган.

Жаратылыш коругунун чегинде зыян келтирүү, мыйзамсыз аңчылык кылуу 5 эсеге көбөйтүлөт.


кошулду


 
 Кыстарылган аудио 

Куркулдак ак куу үн салганда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 11 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Комментарийлер(9)
07.12.2017. 18:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
19-01-2018 12:02
Жынысы:
Белгисиз
-4
Каздай эле экен келбети
07.12.2017. 18:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
09-11-2016
Соӊку аракети:
19-01-2018 00:56
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ух тыыыыы сонунго ия мага жакты
07.12.2017. 18:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
16-09-2015
Соӊку аракети:
19-01-2018 11:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саламатсынарбы super.kg жаматы улар менен кекилик дикинда ушундай кылып жуктоп койсонор соонун болмок
08.12.2017. 17:03 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5224
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-01-2018 14:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
dasta, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
17.01.2018. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
22-11-2013
Соӊку аракети:
17-01-2018 17:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
dasta,мен да колдойт элем
07.12.2017. 20:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
18-01-2018 13:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Ак куу эн сулуу канаттуулардан го.
08.12.2017. 16:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
28-09-2016
Соӊку аракети:
14-01-2018 20:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы материал экен.

Каратал ---- Кара-Тал болушу мумкун. (Ысык-Көл деген сыяктуу)
/Ак куунун жазында түндүктү көздөй учуп өткөндө угуу өзгөчө жагымдуу./ (ушул суйломду карап корсонор)
/2013-жылдын 3 майындагы/ ---- 3-майындагы
Asem89 түзөттү 2017-12-08 16:27:48
08.12.2017. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
19-01-2018 15:13
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asem89, саламатсызбы! "Каратал-Жапырык" коругунун жазылышында эч кандай ката жок, ушундай жазылат!
14.12.2017. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
28-09-2016
Соӊку аракети:
14-01-2018 20:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина Айдарбекова,ээ? Аа, билбептирмин, билип журойун мындан кийин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди:

Кабарлардын саны:
100780;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: