SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чет өлкөдө жашоо жыргал эмес" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Азыркы жаштардын көпчүлүгү чет өлкөгө барганга аракет кылышат. Чет өлкөгө барса эле жыргал жашоо болуп калбайт. Биринчи барганда кыйынчылыктарга туш болосуң. Бара-бара жакшы жашоого жетишиң мүмкүн, бирок бул да күмөн", - деген оюн жазып калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кайда барсаң мамайдын көрү" дегендей, ким эле жыргап жатыптыр. Мен биринчи жолу Сахалинге келгенде эжекем тосуп алып кыйналуу деген эмне экенин билген жокмун. Бирок далай эле кыйналып жүргөндөрдү көрөсүң. Тосуп алчу кишилери жок вокзалда, аэропортто чемоданда отургандар бар".
"Бардык жерде кыйналуу бар, баарына чыдап жеңе билиш керек. Кыйынчылыкта жашоону түшүнүп, көзүң да ачылат экен. Мурда атa-энеме эркелеген кичинекей кыз болсом, азыр чоң кыз болдум".
"Мен айла жоктон жүрөм бул жакта, өзүбүздө ушундай маяна болсо мекенибизде эле жүрбөйт белек. Бирөөнүн элинде бек болгуча өз жериңде кул болгонуң жакшы. "Өз үйүң өлөң төшөгүң" деп бекеринен айтылбаган экен".
"Бирөөнүн жеринде жашоо чынында жыргал эмес, канчалык тың жашасаң да баары бир кыйынчылыгы бар. Өз жериңде ушинтип кыйналсаң эч билинбейт".
"Мен Европада жашайм, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Ата-энемди сагынганым эле болбосо... Кыргыз мамлекети оңолгондо барабыз го мекенибизге".
"Мен деле чет жакта болуп көргөм, чынында Голливудда жашасаң да өз жериңе эч нерсе жетпейт".
"Баарына кайыл болуп эле жүрөбүз го. Канча кыйын болбосун, адам баласы чыдамкай болобуз, баарына көнөбүз. Мен кыйын деп сагынууну гана айтмакмын. Жакын адамдарыңдан алыс жүргөндө канча кыйынчылык болсо да жеңесин, бирок сагыныч тарабайт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.