Орусиянын укук коргоо органдары Самарада болгон жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнүн тактоого жардам сурап билдирүү таратты (фото)

Орусия ИИМинин Самара облустук башкармалыгынын майору Олег Паркинг Самара облусунда кырсыкка кабылган эки оор жүк ташуучу унаалардын биринде каза тапкан Кыргыз жарандарынын аты-жөнүн тактоого жана алардын жакындарын издешүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып билдирүү тараткан. Анда кабарлангандай, унаанын эки айдоочусу көз жумуп, 4 жашар бала жана 1 аял "Тез жардам" аркылуу жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

"Жүктү каяктан кайсы жакка алып бараткандыгын аныктоо керек. Эгерде жүккө байланыштуу адамдар же каза болгондордун туугандары табылып калса Самара облусунун Ветлянка посёлогундагы атайын унаа токтотуучу жайга келишсе болот. Ошондой эле окуя боюнча тийиштүү материалдарды чогултуу үчүн кичинекей болсо да маалыматтар зарыл болууда", - деп айтылат маалыматта. Бул билдирүүлөр WhatsApp тиркемеси аркылуу таратылган. Окурмандар "Элдик кабар" аркылуу бул маалыматтарды жарыялоону өтүнүштү.

Айта кетсек, жол кырсыгы 7-декабрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6ларда болгон. Анда Урал үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып, Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен окуя болгон жерден Volvo'нун айдоочусу жана ичиндеги бир жүргүнчү жан берген. Ошондой эле 1 жүргүнчү аял жана 4 жаштагы бала "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген.

Буга чейин Volvo'нун ичиндегилердин баары Кыргыз жарандары экени айтылып жаткан.

Орусиядагы жол кырсыктарынан 4 Кыргыз жараны көз жумду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AzKumFerDan
2017-12-08 02:46:15
Атаганат ар жерде журуп кырылмай болдукко .Каза болгондордун жайы бейиш болсун,жакындарына сабырдуулук тилейм
+8
Ayida
2017-12-08 03:56:41
Ажал кайерде журбосун келет баарыбызга. Намазыбыз болсо туура журуп бироого жамандык кылбай Аллага гана сыйынып ибадат кылсак ,кайерде олсокда ИншаЛлах жаман болбойбуз Бейишке барганды умут кылабыз!Аллахым буларга Бейишти насип кылсын мусулман болсо!
+18
ZhanMM
2017-12-08 07:22:38
Кор тирийлик адамды эмне гана кылбады
Копчулугун чекеден бул жашоодо сынады
Кээ бирлерин мына ушинтип эскертуу бербестен
Капыстан оо дуйного алып кетишин тыйбады ...
Эхх...дагы кезектеги жоготуулар ... адам омурлору ... Кудайым бейишинен орун берсин!
+5
Magusi
2017-12-08 10:00:48
Кудай сактаа
+1
datkayimjan
2017-12-08 14:03:03
Жолдо жургон адамдардын жанында документтери жок бекен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан