Акыйкатчы Кубат Оторбаев Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн акыйкатчыларынын альянсы түзүлгөнүн, аны өзү демилгелегенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-декабрда маалымат жыйынында билдирди.
"Өткөн жылдан бери мен демилгелеп жаткан Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн акыйкатчыларынын альянсын түзүү боюнча 5-декабрда Орусиянын Москва шаарында Армениянын, Ирандын, Орусиянын акыйкатчылары болуп кол койдук. Бул альянстын негизги максаты мигранттарынын укугун коргоо. Аталган келишим боюнча биз ага кирген өлкөлөрдүн акыйкатчылары менен чогуу ошол өлкөдөгү мигранттардын укугу бузулса аны иликтеп териштире алабыз. Андан сырткары мигранттарга бекер юридикалык кеңеш алууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт жана альянска кирген өлкөлөрдөгү жабык мекемелерге кирип мигранттардын ал-абалы менен тааныша алабыз", - дейт акыйкатчы.
Андан сырткары ал аталган альянска Евразия аймагындагы башка өлкөлөрдүн акыйкатчылары да кошулууга көңүлдөнүп жатканын кошумчалады.
Ошондой эле аталган келишимдин негизинде Орусиянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган Кыргыз мигранттарынын ал-абалы менен таанышканын да айтты.
"Аталган документке 5-декабрда кол коюлду, мен 6-декабрда Орусия өлкөсүнүн акыйкатчысы менен чогуу Москвадан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан убактылуу кармоочу жайга барып, ал жердеги биздин жарандардын абалы менен таанышып келдик. Ал жерде жалпы 600дөй чет элдик жарандар кармалса, кырк төртү биздин жарандар экен. Алар менен өзүнчө отуруп кыргыз тилинде да сүйлөштүм, ал жердин тамак-ашына, кармоо шарттарына нааразычылыктары жок экенин айтышты", - дейт Кубат Оторбаев.