Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалиловго карата айтылган коомдогу пикирлер боюнча билдирүү таратты.
Билдирүүдө: "Ислам дининде маалыматтын чын-төгүнүн билбей туруп сүйлөө, жалган айтуу жана кимдир бирөөнүн беделине шек келтирүү, аны акарат кылуу күнөө болуп саналат. Албетте, ар бир инсан өзүнүн кылган иши үчүн Алла Тааланын алдында суралып, эсебин берет. Ыйык Курани Каримде белгилүү шарттар менен муктаждык болгон учурда көп үй-бүлө күтүүгө уруксат берилген.
Ошондуктан биздин кадырлуу, бүгүнкү күндө кыргыз журтчулугу үчүн диний жаатта кызмат кылып келе жаткан аалымыбыз, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалилов Жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок. Ал кишинин үй-бүлөлүк маселесин тиешелүү органдар териштирип жатат. Андыктан бирөөнүн үй-бүлөсүнө бүлүк салып, социалдык барактарга туура эмес, такталбаган маалыматтарды жазуудан этият бололу.
Ар бир нерсе өз ордунда такталат, ага убакыт керек. Туура эмес пикир же көз-караш айтып коюп, кийин өкүнүп калбайлы. Бул үчүн кыямат күнү чоң жоопкерчилик болорун эсибизден чыгарбайлы. Мусулман мусулмандын жардамында болушу керек. Мусулман адам башка мусулмандарга карата дайыма жакшы күмөндө болуусу шарт. Андыктан келиӊиздер, жалпыбыз мамлекетибиздин бейпилдиги, элибиздин тынчтыгы, ынтымагы үчүн дуба кылып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымыбызды кошолу", - деп айтылат.