Талас. Өкмөт башчы "Жер-Үй" кени 100 миллион доллардан кем эмес баага сатылат" деди

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Талас эли менен жолугушуу учурунда "Жер-Үй" алтын кени 100 миллион АКШ долларынан кем эмес баага сатыларын айтты. Талас жеринде пайдалуу минералдык кендердин 44 түрү бар. Ошондуктан аларды облустун жашоочуларына терс таасирин тийгизбегендей пайдалануу керек экендигин жана алардан өндүрүлгөн салыктар аркылуу Талас эли социалдык жана экономикалык маселелерин жакшыртып алууга жакшы шарттар түзүлө тургандыгын белгиледи премьер. Өкмөт башчы "Жер-Үй" боюнча сынакты өткөрүү процессин тездетүү керек экендигин да билдирди. “Сынак таза жана ачык-айкын өткөрүлүшү керек. Өкмөт жакшы шарттарды сунуштаган компанияга макулдугун берет”,- деди Ж.Сатыбалдиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан