Фарид Ниязов президенттик аппараттын башчысы болду (өмүр баяны)

Алмаз Үсөнов президенттик аппараттын башчылыгынан бошотулуп, анын ордуна Фарид Ниязов дайындалды. Бул тууралуу аталган аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ниязов Фарид Абилезимович 1958-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында туулган.

К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган, адистиги - гидромелиорация, инженер-гидротехник.

Эмгек ишмердигин 1980-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда геодезия жана графика кафедрасынын ассистенти болуп баштаган.

1982-жылдын май айынан 1983-жылдын июнуна чейин курулуш отряддарынын республикалык штабынын коопсуздук техникасы боюнча ага инженери болуп иштеген.

1983-жылдын июнунан 1987-жылдын декабрына чейин – Кыргызстан лениндик коммунисттик жаштар союзунун борбордук комитетинин комсомолдук студенттик отряддар бөлүмү; инструктор, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы, лениндик коммунисттик жаштар союзунун борбордук комитетинин бюро мүчөсү;

1987-жылдын декабрынан 1991-жылдын февралына чейин – Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Москва райондук комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

1991-жылдын февралынан 1993-жылдын сентябрына чейин – «Комсомольская правда» гезитинин редакциясында кабарчы, Кыргызстан боюнча коммерциялык өкүл;

1993-жылдын сентябрынан 1994-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде – иш башкармалыгынын башчысы, министрдин жардамчысы;

1994-жылдын апрелинен 1995-жылдын январына чейин – вице-премьер-министрдин жардамчысы;

1995-1996-жылдары – президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси;

1996-жылдын январынан 1997-жылдын августуна чейин – Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында аппарат жетекчиси;

1997-жылдын августунан 1999-жылдын июнуна чейин – «Акыл» ААКсы башкармалыгынын төрагасы;

1999-жылдын июнунан 2001-жылдын августуна чейин – өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы;

2001-жылдын августунан 2005-жылдын августуна чейин – «Комсомольская правда-Азия» ЖКЧсынын өнүктүрүү долбоорлору боюнча директору;

2006-жылдын февралынан 2006-жылдын июнуна чейин – «24.kg» маалыматтык агенттигинин башкы директору;

2005-жылдын августунан 2010-жылдын апрелине чейин – «Коммерсант» (Орусия) гезитинин редакциясынын штаттан тышкаркы кабарчысы;

2010-жылдын 24-апрелинен Убактылуу Өкмөттүн аппаратында маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси;

2010-жылдын августунан 2010-жылдын сентябрына чейин – президенттин администрациясынын маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси;

2011-жылдын январынан 2011-жылдын декабрына чейин – премьер-министринин кеңешчиси;

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын 7-октябрына чейин – президенттин кеңешчиси;

2015-жылдын 7-октябрынан 2017-жылдын 1-мартына чейин президенттин аппарат жетекчиси;

2017-жылдын 1-мартынан 3-июнуна чейин президенттин кеңешчиси;

2017-жылдын 3-июнунан 23-ноябрына чейин президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси;

2017-жылдын 1-декабрынан 11-декабрына чейин президенттин кеңешчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан