Бүгүн, 11-декабрда Швейцариянын Ньон шаарында Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычынын чүчү кулак аземи орун алып, командалардын атаандаштары аныкталды.
Плей-офф баскычына өткөн 16 команда күч сынашып, тайпалык баскычта 1-орунду ээлеген командалар 2-орунду ээлеген командалар менен өз ара беттешет.
Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында "Ювентус"-"Тоттенхэм", "Базель"-"Манчестер Сити", "Порту"-"Ливерпуль", "Севилья"-"Манчестер Юнайтед", "Реал"-"ПСЖ", "Шахтёр"-"Рома", "Челси"-"Барселона", "Бавария"-"Бешикташ" беттештери орун алат.
Плей-офф баскычынын алгачкы беттештери 2018-жылдын 13-14-февралында жана 20-21-февралда өтсө, жооптук беттештер 6-7-мартта жана 13-14-мартта өтөт.