"Оптима банк" 2017-жылды ийгиликтүү аяктап жатат

2017-жыл “Оптима Банк” үчүн абдан маанилүү жана жемиштүү жыл болду. Бул жылдын абдан белгилүү окуясы болуп “Оптима Банктын” мааракеси болуп эсептелет. 25 жылдык ийгиликтүү иш текке кеткен жок. Кылым чейрегинде Банк мезгилдин сыноолоруна туруштук берди жана өнөктөштөрү менен кардарлары үчүн ийгиликтин, ишенимдүүлүктүн, туруктуулуктун кепилдиги болуп калды.

"Оптима Банк" мезгил-мезгили менен финансылык кызмат көрсөтүү жаатында артыкчылыктуу сыйлыктардын ээси болуп турат.

2017-жылдын 24-ноябрында “Жылдын тандоосу” эл аралык фестивалынын катышуучуларын сыйлоо салтанатында Кыргызстандагы “№1-банк” номинациясынын жеңүүчүсү болуп "Оптима Банк" Ачык акционердик коому таанылды. Кыргызстандагы “№1-банк” ардактуу наамын "Оптима Банк" биринчи жолу алып жаткан жок, башкача айтканда, биздин банк бул номинациянын жеңүүчүсү болуп жетинчи жолу аталып жатат. Мындай сыйлыкка татыктуу болуу – бул банктын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн кошумча тастыктоо.

2017-жылдын 30-ноябрында Москвада Евразиялык кызматташуунун финансылык-банктык ассоциациясы (ЕАК ФБК) тарабынан уюштурулган, “Евразиялык финансылык-банктык элита” эл аралык сыйлыгын салтанаттуу тапшыруу болуп өткөнүн белгилей кетүү керек. "Оптима Банк" ААКсы “Ишенимдүүлүктүн жана өнүгүүнүн эталону” номинациясындагы сыйлыкты жеңүүчүлөрдүн катарына кирди. Бул сыйлык банктык камсыздандыруу, инвестициялык бизнес, активдерди башкаруу, лизинг, факторинг, аудитордук жана конесалтингдик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө лауреаттарды профессионалдык таануу жөнүндө күбөлөндүрүүчү абройлуу тармактык сыйлык болуп калды. Сыйлыктын номинанттарынын арасында Евразия өлкөлөрүнүн жалпы улуттук жана тармактык рейтингдеринин жеңүүчүлөрү жана лидерлери, атайын тармактык жана тармак аралык конкурстардын жана эл аралык финансы жаатындагы сыйлыктардын лауреаттары бар.

Алынган сый акы банктык иштин өнүгүүсүн баалоонун эл аралык эталону болуп эсептелет. Бул факт, Кыргызстандын банк чөйрөсүндөгү алдынкы банктын позициясынын бекемдигин таануу болуп эсептелет.

Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери банк өркүндөө жана алдыга жылуу менен, чечкиндүү жана абдан чоң максаттарга жетишүүдө. Чекене, ошондой эле корпоративдүү сегментте өзүн дайыма кеңейтүү менен, өлкөнүн ири финансылык институту болуп кала берүүдө.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан