super.kg logo

ТЕСТ: Чыңгыз Айтматовдун ысымы Мирбек Атабековдун кайсы ырында айтылат?

 

Мындан 89 жыл мурун, 1928-жылы 12-декабрда кыргыз адабиятынын сыймыгы жана дүйнөлүк масштабдагы жазуучу Чыңгыз Айтматов туулган. Мектептерде анын өмүр баяны, чыгармачылыгы окутулганы менен жеке жашоосундагы көп фактылар окуучуларга айтылбай калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндөгү окуяларга жазуучунун көзүү тирүү убагында айткан ой-пикирлери актуалдуу болууда. Мындан улам Айтматовдун биографиясын канчалык билериңизди текшерип алыңыз...



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Жазуучу кайсы жерде төрөлгөн?

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Шекер айылында жарык дүйнөгө келген.

Кийинки суроо


Фрунзе шаарында
Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында
Орусиянын Москва шаарында
Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Шекер айылында

Чыңгыз Айтматовду дүйнөдөгү эң абройлуу болгон "Нобель" сыйлыгына ким көрсөткөн?

"2008-жылы Айтматовдун "Нобель" сыйлыгын алууга чоң мүмкүн­чүлүгү бар болчу. Анткени 80 жылдык юбилейине карата бул маселе бүткүл түрк тилдүү мамлекеттеринин атынан курч мүнөздө коюлган. Албай калганынын бирден бир себеби – ал кишинин көзү өтүп кеткени. “Нобель” комитетинин мыйзамы боюнча, көзү өтүп кеткен жазуучуларга бул сыйлык берилбейт. Эгерде жеңүүчү сыйлык тапшырардан бир айга жетпей каза болсо гана аталган сыйлыкка ээ болушу мүмкүн", - дейт драматург Султан Раев.

Кийинки суроо


Аскар Акаев
Түрк тилдүү мамлекеттердин жетекчилери
Борбор Азия лидерлери
Владимир Путин

Чыңгыз Айтматовдун атасы качан жана эмнеден улам каза болгон?

Жазуучунун атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул Айтматов 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Кийинки суроо


Узакка созулган оорудан улам каза болгон
1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен
Дайынсыз жоголгон
Согушта душмандын амбразурасын төшү менен тосуп эрдик жасап каза болгон

2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет. Буга байланыштуу кандай ири окуя болору күтүлүүдө?

Быйыл апрель айында экс-президент Алмазбек Атамбаев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун улуттук жана дүйнөлүк маданият менен адабиятка кошкон зор салымын эске алып, анын 2018-жылы боло турган 90 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон. Жарлыкта Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде белгилөө айтылган.

Кийинки суроо


Планеталардын бирине Айтматовдун ысымы коюлат
Айтматов атындагы ракета космоско учат
Азырынча белгисиз
Таласта Ч.Айтматов атындагы мектеп ачылат

Жазуучунун уулу Элдар Айтматов атасын убактысынын көбүн эмне менен алек болгонун эстейт?

Элдар Айтматов "Супер-Инфого" берген маегинде: "Атам убактысынын көбүн өзүнүн кабинетинде чыгарма жазып өткөрчү. Бирок атам бизди эч качан көңүл сыртында калтырган эмес. Күндүзү китеп окуп берсе, жатарда жомок айтып берүүнү адат кылып алган", - деп эстеп айтып берген.

Кийинки суроо


"Атам убактысынын көбүн өзүнүн кабинетинде чыгарма жазып өткөрчү"
"Атам убактысынын көбүн иш сапарлары менен жүрчү"
"Атам убактысынын көбүн биз менен өткөрчү"
"Атам убактысынын көбүн эмне менен алектенип жүргөнү эсимде калган эмес"

Кайсы орусиялык жазуучунун жардамы менен Айтматов бүт дүйнөгө белгилүү боло баштаган?

1958-жылы "Жамийла" деген повести "Новый мир" басылмасында жарык көргөн. Басылманын башкы редактору Александр Твардовский болгон. "Жамийла" Айтматовго бүткүл союздук гана эмес, дүйнөлүк даңк алып келген.

Кийинки суроо


Александр Твардовский
Александр Солженицын
Луи Арагон
Расул Гамзатов

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы кайсы тармактагы жетишкендиктер үчүн берилет?

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы түзүлгөн. Сынактын катышуучулары бир топ номинациялар боюнча ат салышат. Сыйлык адабият, журналистика, музыка, кино, театр, спорт, шаар куруу, архитектура, илим жаатындагы мыкты эмгектер жана жетишкендиктер үчүн берилет.

Кийинки суроо


Адабият жаатындагы мыкты чыгармалар
Театр жана цирк өнөрлөрү боюнча мыкты чыгармалар
Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик
Аталган бардык номинациялар

Жогорку Кеңештин кайсы депутаты "Азыр Айтматовду куудул деп ойлоп жүргөн жаштар бар" деп айткан?

"Азыркы жаштар Чыңгыз Айтматов ким болгонун билишпейт. Сурасаң "куудул болгон" деп жооп беришет", - деп 2017-жылдын 30-январында Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда депутат Рыскелди Момбеков билдирген.

Кийинки суроо


Каныбек Иманалиев
Рыскелди Момбеков
Тазабек Икрамов
Динара Исаева

Кандай транспортко Чыңгыз Айтматовдун ысымы коюлган?

2014-жылы Боинг 737-800 учагына Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген.

Кийинки суроо


Кеме
Поезд
Учак
Ракета

Канча сомдук акчага Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн?

Кийинки суроо


5 000 сом
2 000 сом
10 000 сом
Айтматовдун сүрөтү акчага түшүрүлгөн эмес

Чыңгыз Айтматов Ислам Каримов тууралуу эмне деген?

Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун "Аскада калган аңчынын ыйы. Кылым кыйырындагы сыр ачуусу" чыгармасында Айтматов Ислам Каримов тууралуу: "Маданият жана искусствону терең түшүнгөн, өз элинин жана мамлекетинин тарыхын мыкты билген, ири саясий ишмер" деп айткан.

Кийинки суроо


"Ислам Каримов Өзбекстанды өмүр бою башкарат"
"Маданият жана искусствону терең түшүнгөн, өз элинин жана мамлекетинин тарыхын мыкты билген, ири саясий ишмер"
"Ислам Каримовдон мыкты жазуучу чыкмак"
Айтматов Каримовду анча таанычу эмес

Жазуучу Конституция тууралуу кандай ойду айткан?

Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун "Аскада калган аңчынын ыйы. Кылым кыйырындагы сыр ачуусу" чыгармасында Айтматов ар бир жаран Конституцияны сыйлашы керектигин айтып: "Жумушчусуңбу, бай ишкерсиңби же супербаатырсыңбы - баары бир Конституцияны сыйлашың керек" деген пикирин билдирген.

Кийинки суроо


"Жумушчусуңбу, бай ишкерсиңби же супербаатырсыңбы - баары бир Конституцияны сыйлашың керек"
"Интеллигенция Конституциядан жогору туруусу зарыл"
"Келечекте Конституциянын кереги жок болот"
"Конституцияны өзгөртүү керек"

Чыңгыз Айтматов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тууралуу эмне деген?

Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун "Аскада калган аңчынын ыйы. Кылым кыйырындагы сыр ачуусу" чыгармасында Айтматов Нурсултан Назарбаев жөнүндө: "Жогорку билимдүү, масштабдуу адам. Ага ХХ-кылымдын аягынын лидери болуу милдети жүктөлгөн" деп баа берген.

Кийинки суроо


"Назарбаев - жогорку билимдүү, масштабдуу адам. Ага ХХ-кылымдын аягынын лидери болуу милдети жүктөлгөн"
"Эгер Казакстанды Назарбаев башкарбаганда, Борбор Азияда башаламандык болмок"
"Нурсултан Назарбаев Казак элинин уникалдуу инсаны. Мындай адам 100 жылда бир төрөлөт"
Айтматов Назарбаевди тааныган эмес

Чыңгыз Айтматов биринчи жубайы менен ажырашкандан кийин кимге үйлөнгөн?

Чыңгыз Айтматов эки жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Керез Шамшибаева болгон. Ал Санжар жана Аскар деген уулдарды төрөгөн. 1980-жылдардын ортосунда жазуучу экөө тынч ажырашкан. Экинчи жолу жазуучу Мария Айтматовага үйлөнгөн. Ал жазуучуга Элдарды жана Ширинди төрөп берген.

Кийинки суроо


Бүбүсара Бейшеналиева
Мария Айтматова
Таттыбүбү Турсунбаева
Айтматовдун экинчи аялы болгон эмес

Мирбек Атабековдун аткаруусундагы кайсы ырда Чыңгыз Айтматовдун аты аталат?

Ырчы Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Таласым" аттуу ырдагы "Чолпонбай, Чыңгыз чыккан жер" деген сапта Чыңгыз Айтматовдун аты аталат.

Кийинки суроо


Ильястын ыры
Таласым
Айылды сагындым
Атабековдун андай ыры жок

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(34)
12.12.2017. 19:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
30-10-2017
Соӊку аракети:
15-04-2018 08:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ow
-5
66
12.12.2017. 19:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 21:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
-6
74балл.
12.12.2017. 19:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
03-10-2016
Соӊку аракети:
17-06-2018 17:10
Жынысы:
Белгисиз
-6
87
12.12.2017. 19:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
23-01-2017
Соӊку аракети:
13-08-2018 16:27
Жынысы:
Белгисиз
+3
100балл, туура жооп 15, ката жооп 0.
12.12.2017. 19:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
03-12-2017
Соӊку аракети:
16-09-2018 08:59
Жынысы:
Белгисиз
+5
100
12.12.2017. 19:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
08-08-2018 18:59
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менинда туулган күнүм 12 декабрь
12.12.2017. 21:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
328
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 03:58
Жынысы:
Белгисиз
+5
Guji,алдын ала куттуктайм!
12.12.2017. 22:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
08-08-2018 18:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Snejana,рахмаат
12.12.2017. 19:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
18-06-2017
Соӊку аракети:
13-02-2018 09:47
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн сонун экен тест бат баттан чыгаргылачы
12.12.2017. 20:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-05-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 23:46
Жынысы:
Белгисиз
-1
67 балл алдым.
10 суроо туура ,бешөө ката.
12.12.2017. 20:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 04:35
Жынысы:
Белгисиз
-4
47
12.12.2017. 20:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:38
Жынысы:
Белгисиз
0
74
12.12.2017. 20:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
30-10-2015
Соӊку аракети:
15-02-2018 15:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
100 балл
Туура жооп 15
Ката жооп 0
12.12.2017. 20:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
30-10-2015
Соӊку аракети:
15-02-2018 15:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
100 балл
12.12.2017. 21:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
28-08-2017
Соӊку аракети:
28-08-2018 17:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Өрүк зарлуу Баткенден
-2
6-туура
9-ката
40 балл эч нерсе билбейт экем
12.12.2017. 21:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
11-12-2015
Соӊку аракети:
24-01-2018 19:23
Жынысы:
Белгисиз
-1
74 bal
12.12.2017. 22:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-11-2016
Соӊку аракети:
25-12-2017 22:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Да мен да билбейт экем. Уят! ! !
12.12.2017. 22:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
29-01-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 00:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабад
+1
100 ball men Aitmatovdun 4ygarmalaryn mektep ubagynda okup 4ykkam
Begim94 түзөттү 2017-12-12 22:40:31
12.12.2017. 22:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
29-01-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 00:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабад
+1
100
12.12.2017. 22:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
30-10-2016
Соӊку аракети:
14-08-2018 10:35
Жынысы:
Белгисиз
+2
100балл
12.12.2017. 23:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 01:34
Жынысы:
Белгисиз
0
54
13.12.2017. 00:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
06-06-2018 22:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кооз жер
0
60
13.12.2017. 00:40 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
01-11-2017
Соӊку аракети:
12-01-2018 20:51
Жынысы:
Белгисиз
0
54
13.12.2017. 01:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
05-07-2017
Соӊку аракети:
16-08-2018 03:45
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тест аркылуу билимди эстедим 94 болуп калды
13.12.2017. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1071
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 01:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajikulov.aibek,эчнерсе эмес эн сонун
13.12.2017. 04:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
19-04-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:08
Жынысы:
Белгисиз
0
87балл .Экоо ката болду??
13.12.2017. 08:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
09-02-2016
Соӊку аракети:
03-07-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
60 балл
13.12.2017. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
21-04-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 17:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
74
13.12.2017. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1071
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 01:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 упай
13.12.2017. 19:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
20-09-2018 00:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
0
67
14.12.2017. 09:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
27-04-2010
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:44
Жынысы:
Белгисиз
0
54
22.12.2017. 02:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
13-06-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ай ий вапшего жаман уят эле болдум.Уулу жадуучубузду билбесем. Эх окуш керек экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: