Сокулук районунда адам өлүмүнө шектелип 33 жаштагы жаран кармалды

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери адам өлүмүнө шектелген жаранды кармашты.

2017-жылдын 10-декабрь күнү таңкы саат 4:00 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жаңы конуштардын биринде адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Келген маалымат боюнча ыкчам иликтөө тобу барганда азиат түспөлүндөгү 30-35 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Каза болгон жаран 33 жаштагы К.Б. аттуу адам экендиги белгилүү болгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ошол эле аймактын 33 жаштагы М.М. аттуу жашоочусу шектүү катары колго түшүрүлгөн. Сурак берүү учурунда ал каза болгон жаран менен бирге спирт ичимдигин ичип отурушуп ортодо пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Маркумду шектүү ур-токмокко алып үйүнө кетип калган соң ал оор жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Бул окуя тууралуу Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (адамдын саламаттыгына атайлап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп шектүү жаран убактылуу кармоочу жайда. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан