Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан улам бир адам каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн ырасташты.
Маалым болгондой, кырсык Саруу айылында 13-декабрь күнү болгон. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Хундай Портер унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Степвагондо отурган аял киши жабыркап, ошол жерден жан берген. Кырсыктан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүлүп, алар ооруканада жеткирилишкен.
Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.