2018-жылдын 1-январынан тарта акысыз биометрикалык паспорттор берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомунун негизинде биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 2-майында башталган. Токтомго ылайык, 2017-жылдын 31-декабрына чейин биометрикалык паспортторду берүү бекер жүргүзүлөрү көрсөтүлгөн.
"2018-жылдын 1-январынан тарта биометрикалык паспортторду акысыз берүү токтотулат. Анын баасы тиешелүү документтердин негизинде аныкталат. Жакында ал боюнча кошумча маалыматтар берилет", - деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан.