Акыйкатчы Кубат Оторбаев КСДП фракциясынын жыйынына келген жок. Депутаттар анын отчётун "канааттандырарлык эмес" деп табышты

Бүгүн, 15-декабрда акыйкатчы Кубат Оторбаев КСДП фракциясынын жыйынына келбегенине депутаттар нааразы болду.

Жыйындын күн тартибинде акыйкатчынын ар жылдык баяндамасы каралмак.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов акыйкатчынын баяндамасы жарым жылдан бери каралбай, созулуп жатканын билдирди. Өмүркуловдун айтымында, жыйынга Оторбаев кандай себеп менен келбей жатканы белгисиз.

Депутат Рыскелди Момбеков билдиргендей, депутаттарга акыйкатчынын отчёту 2017-жылдын 21-апрелинде жолдонгон. “Ошондо акыйкатчы 8 айдан бери жок. КСДП фракциясы аны акыйкатчылыкка колдоду эле. Ал фракцияны сыйлабаса эмнеге баш ийип, таазим этиш керекпиз? Оторбаев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилгенин сындап чыкты. Баш мыйзамды эл кабыл алгандан кийин ал сындап жатса кызматтан кетиш керек. Президенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болду. Ал үн каткан жок. Чек ара маселеси боюнча оюн билдирген жок. Акыркы жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев акыйкатчы болду. 8 айдан бери жыйынга алып келе албасак акыйкатчынын эмне кереги бар? Келбесе анын ишине ишенбөөчүлүк көрсөтүп, чечим кабыл алышыбыз керек”, - деди Момбеков.

Депутат Ирина Карамушкина Оторбаевдин ишин жарандык сектор жакшы баалай турганын эскертти. “Фракция жыйынына эмнеге келбегенин тактоо зарыл. Коркуп келбей койдубу же бошобой калдыбы белгисиз. Анын жоопкерчилигин караш керек”, - деди Карамушкина.

Жыйынтыгында депутаттар акыйкатчынын отчётун "канааттандырарлык эмес" деп добуш беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан