Сот "Занозанын" журналисттерине жана экс-депутатка өлкөдөн чыгууга тыюу салуу чечимин күчүндө калтырды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Заноза" сайтынын түзүүчүлөрү Нарын Айыпка, Дина Масловага жана экс-депутат Чолпон Жакуповага өлкөдөн чыгууга салынган тыюуну күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына Нарын Айып билдирди.

"Бизге өлкөдөн сыртка чыгууга салынган тыюу ал сот иштеринин кепилдиги катары болчу. Ал соттун чечиминде "сот иштери бүткөнгө чейин өлкөдөн чыгууга тыюу салынат" деп так жазылган эле. Кийин сот иштери бүттү, биз аталган тыюуну жокко чыгарып бериңиз деп Октябрь райондук сотуна кайрылдык. Бизге прокурорлор каршы чыгышып, бизге коюлган доону төлөй электигибизди айтышып, өлкөдөн сыртка чыкпоо тууралуу чечимди күчүндө калтырууну өтүнүштү. Жыйынтыгында сот аларды канааттандырды", - дейт Нарын Айып.

Айта кетсек, Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон. Доо арызды райондук, шаардык жана Жогорку Сот канааттандырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан