Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет жыйынында депутат Акылбек Жапаров жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады.
Анын айтымында, бул мыйзам чабал иштелген жана анын үстүнөн кайра иштеп чыгуу зарыл. "Жаңы төрөлгөн наристелерге 2018-жылдын 1-январынан тарта 4000 сом өлчөмүндөгү сүйүнчү пул бериле баштасын. Бюджетте акча каралган, маселе жаралбайт. Ал эми жөлөк пулдарды берүүнү сентябрь айына чейин азыркы тартипте, эски мыйзам менен ишке ашырып туруу керек. Анткени мыйзам кабыл алынганда экономикалык эсептер сапатсыз жасалган, бул келечекте социалдык маселелерге кептеши мүмкүн", - деди Жапаров.
"Тилекке каршы, тоолуу Нарын, Талас облусунун жашоочулары бул мыйзамга абдан тынчсызданып жатат. Биз кийинки отурумга жаңы мыйзам долбоорун алып келсек. Бул жерде коркунуч жок, бюджетте каралган сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январдан баштап иштей берет. Ал эми калган жөлөк пулдар боюнча кайра карап чыгуу керек", - деп түшүндүрдү депутат.
Жапаров сүйүнчү жөнүндө мыйзамда кемчилик бар экенине токтолду. "Негизи мыйзамда кемчилик бар. Биз муктаж болгондордон акчаны алып, кирешелерди эске албай туруп акчаны 1 миллион 200 миң үй-бүлөгө бөлүштүрүп койдук. Биздин өлкөдө төрт категориядагы үй-бүлөлөр бар. Өтө жакыр жашаган 120 миң, жакыр жашаган 270 миң, орто жашаган 700 миң, бай жашаган 120 миң үй-бүлө бар. Бул жерде күнүнө 1 долларга жашаган үй-бүлөлөр да бар", - деп кошумчалады Жапаров.