super.kg logo

Бишкекте Өмүрбек Бабановго таандык делген НТС телеканалынын имараты милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды

 

Бишкекте Өмүрбек Бабановго таандык делген НТС телеканалынын имараты милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-декабрда аталган каналдын кызматкерлери SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, каналдын имаратынын ичине сот аткаруучулар милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип келишкен.

"Алар кайсы бир соттун чечимин көрсөтүп, каналдын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда. Бирок каналдын атынан ал сотко эч ким катышкан эмес. Ал чечим боюнча биринчи жолу угуп жатабыз", - деди аталган каналдын кызматкери.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда "милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздандыруу үчүн эле чакырылган. Ал жерге Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечиминин негизинде сот аткаруучулар барышкан" деп билдиришти.

Айта кетсек, ушул жылдын 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.



НТС каналын милиция курчоого алды

НТС телеканалы курчоого алынды. Окуянын Бабановго тиешеси барбы?

Автор: Кенжебай Сатканалиев
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(25)
19.12.2017. 18:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
19-07-2017
Соӊку аракети:
22-05-2018 14:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Biwkek
+8
Бабановду тынчыта албай атышабы
19.12.2017. 18:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:25
Жынысы:
Белгисиз
-17
Ааа Бабанов ишин бүтүптүрда четинен сага караштуу мүлктөр тартылып алынып баштаптыр.
19.12.2017. 18:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
485
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+14
Булар элдин канын соротурган болдуго.
20.12.2017. 05:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
01-11-2016
Соӊку аракети:
31-08-2018 19:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ermekbai, Сапар Исаков Максимге иштей баштаган корунот. Соке деле эптеп септеген неме турбайбы. Баштай элек жатып Озбекстанга пансионаттарды берди, эми минтип иштеп жаткан ишкананы талкалап жатышат. СДПК - Кыргызстан душманы деп эсептейм. Ким Сооронбайга добуш берген болсо, ал дагы Кыргызстандын артта калышына салымын кошту.
19.12.2017. 18:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:25
Жынысы:
Белгисиз
-15
Баса интернеттин бетинен түшпөй Хитине айланган,чуусу чубалган Чубак ажынар эмне болду я?
19.12.2017. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1008
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
25-10-2018 21:46
Жынысы:
Белгисиз
+9
stimyl.kg, абайлап суйлонуз сизге да кудай андан 1000 эсе чон сыноо берип койбосун
19.12.2017. 20:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
474
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
17-11-2018 15:19
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bolunbo.kyrgyz, +++++++++ Абдан туура бироону антип табалабаныз озунузго Аллахым башкача сыноо берип койбосун.
19.12.2017. 18:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
01-12-2015
Соӊку аракети:
30-03-2018 20:26
Жынысы:
Белгисиз
-8
stimyl.kg,Чубак ажыны звёздный болезнь сындырды.
19.12.2017. 18:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
20-11-2013
Соӊку аракети:
09-03-2018 15:40
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бири-бирин ушинтип жеп тоноп анан отуруп калышат бекен бул жеп жутарлар
19.12.2017. 18:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
402
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
0
Эми соттун чечими менен унаа базарды Азия моллду Кыргызстан коммерциялык банкты алгыла
19.12.2017. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
177
Катталган:
10-09-2017
Соӊку аракети:
07-05-2018 23:44
Жынысы:
Белгисиз
-3
Операция "балапан"
19.12.2017. 18:26 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
01-12-2015
Соӊку аракети:
30-03-2018 20:26
Жынысы:
Белгисиз
-15
Сооронбай Жээнбеков туура кылып жатат, сөзүндө туруп.
20.12.2017. 05:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
01-11-2016
Соӊку аракети:
31-08-2018 19:54
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eksvp_1, Сооронбай - Атамбайдын шестеркасы. Озу эч нерсе чечпейт ал адам. Атамбай эмне десе ошону жасайт да. Ал эми Атамбай Кыргызстанга зыян эле алып келди. Бир дагы осуу болгон жок. Кыргызстан азыр таджикстандан да артта калды!
19.12.2017. 18:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1008
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
25-10-2018 21:46
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сот милиция дегендер итке окшоп эле алаа десе чуркап барып баса калбай кичине ойлонуп иштесенер. 1 адамдын кызыкчылыгын ойлоп журуп адам экенинерди деле унутуп калдынар окшойт. Бийликтин артынан ээрчибегиле эч качан акыйкат улуттук элдин мамлекеттин коопсуздугун ойлоп иштегиле. Бийликте отургандар бири да оз кесибин билишпейт ошондуктан мамлекет онукпой артка кетип жатат. Онугуу бул бир президент эмес бут бийлик мамлекет учун иштеш керек
19.12.2017. 18:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
27-07-2016
Соӊку аракети:
08-09-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+5
Жолок пул жонундо жаны мыйзамга каршымын 16 жашка чейин тегиз беришинерди каалайм азыркы учурда коптор 2-3 балалуу анын учунчу баласына кана берилет имиш бул жолок пул берилбейт деген эле мааниде
19.12.2017. 18:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
31-10-2013
Соӊку аракети:
28-09-2018 17:12
Жынысы:
Белгисиз
+5
АКБ "Кыргызстан" банкы, Азия-молл соода борбору, авторынок, Альянс майкуючуу компания, Санжыра радиосу ж.б.у.с. кийинки кезекте экен да, ээ?
Мындай болоорун сезе билген Өмүке бизнесинин көпчүлүк бөлүгүн чет өлкөлөрдө ачкан да.
Көзү арткандар бөлүштүрүп коюшса керек эмдигиче...
RUSLAN.KG түзөттү 2017-12-19 18:39:18
19.12.2017. 18:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
351
Катталган:
25-06-2016
Соӊку аракети:
02-09-2018 14:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа. Жапаров менен Текебаев камалганда жойпуланып Атамбаевди мактап туруп алды эле. Кезек түлкүгө келген тура. Эми чөөлөр калды.
19.12.2017. 18:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
05-11-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Саясий куугунтугунарды токтотсонор боло, мамлекет учун, эл учун иштейм деген бироо жок, жаны долбоорлорду ойлоп чыгып ишке ашырып экономиканы которолу деген бироо жок, баягыле жеп ичерлер,бири-биринин аркасын чукуп саясий куугунтук мн алек.
19.12.2017. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
07-05-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 00:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ГАЛАКТИКА
+8
Бабанов бизнесин башка мамлекеттерде да ачып жакшы кылган экен. Бизде бирин-бири чукумай, баса калмай. Баш которгондун баарын эле жок кылмай болду го бийлик!
20.12.2017. 05:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
01-11-2016
Соӊку аракети:
31-08-2018 19:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
KOCMOC, туура, ошондуктан мен дагы айтып жатам Кыргызстанга инвестиция кылбагыла деп. Кыргыз эли азыр жакшы жашоого али татыктуу эмес, Сокени шайлап коп инвесторлорго ушундай сигнал берди эл. Экономика артка эле кетет эми. Кайсыл акылы бар киши Кыргызстанга келип иш ачкысы келсин? андан коро Казакстан же Озбекистанга барышат да.
19.12.2017. 19:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
02-06-2017
Соӊку аракети:
29-06-2018 15:41
Жынысы:
Белгисиз
+15
НТСтен колунарды тарткыла эн жакшы канал
19.12.2017. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
13-09-2015
Соӊку аракети:
15-11-2018 22:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+11
Ушинтип жатышса кантип Кыгызстанга ишенип инвесторлор келет.
19.12.2017. 20:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1110
Катталган:
01-01-2017
Соӊку аракети:
11-06-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ашанын жомогу дагы алты жыл болобу досуда экс ажо эл баатыры болуп Сапаш ажо болуп жомокторун кочун улап мамлекетти соруп жок кылышат окшойт Кудай сактасын бул бийликтен!!!
20.12.2017. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
09-10-2018 15:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
НТС менин жакшы жана коп коргон каналдарымдын бири, мыкты программалары бар(НТВ+)бийлик телеканалдарды жон эле коюшсунчу, сураныч,саясат менен иши жоктор деле бар
20.12.2017. 10:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
26-01-2012
Соӊку аракети:
18-11-2018 09:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+1
НТС,санжыраны жөн эле койсо болмок биз жакшы көрүп укчуу элек.Карапайым элдин да кызыкчылыгын ойлошсо боло.Бул эмне деген шумдук.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117840;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: