НТС телеканалынын башкы редактору: "Каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча доо арызды "Grexton Capital LTD" компаниясы берген"

Бүгүн, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондук аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.

Аталган телеканалдын башкы редактору Миржан Балыбаевдин айтымында, каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча доо арызды "Grexton Capital LTD" компаниясы берген.

"Доо арыз берген компания "Аянт" аталышындагы ишкана менен соттошуп жатыптыр. "Аянт" болсо 6-7 жыл мурда жоюлуп кеткен экен. Эми ошол жоюлуп кеткен ишкананы качандыр бир кезде НТСтин мүлктөрүнө ээлик кылганын айтышууда. Биздин юристтер соттун ал чечимин негизсиз деп жатышат", - деди Балыбаев.

НТС телеканалында болуп жаткан абал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gute
2017-12-19 20:28:47
Башка повод таппаса эптеп жалган, далилсиз коргозмо менен барыштыда.
Соке биринчи сенден баштайм курошту деди эле Бабанга мына баштады
+5
Mers124
2017-12-19 21:14:10
Соке. Күрөшсөн таза күрөш. Өч алгыдай мамлекет сенин менчигин эмес. Канча киши жумушсуз калат. Алардын үй бүлөөсүн сен багасынбы. Сдпкнын программасында 100 мин жумуш ордун түзөм деген убада бар болчу. Түзбөсөнөр да, жоготпогулачы.
+3
RUSLAN.KG
2017-12-20 02:48:45
Mers124, канал калат, жумуш орундары да калат, балким дагы көбөйөт...
Ээси гана алмашат.

p.s. С.Жээнбеков сиздин дос, теңтушуңузбу? Соке, сен деп кайрылганыңыздан айтам.
-2
tular
2017-12-19 21:31:38
Уят Соке дос... Уят...
+1
Kanat.tls
2017-12-20 09:35:07
Бийликтегилер Силер болбой калыпсынар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан