"Супер хитке" Ильяз Абдыразаковдун "Сенин көзүң башкача" ырынын клиби кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул жумада "Супер хиттин" катарынан эң аз добушка ээ болгон Асема Токтобекованын "Жашоо бакыт" чыгармасы четтетилип, ордуна Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" видеокомпозициясы толуктады.

"Клиптин сценарийи клипмейкер Улан Шеркуловго таандык. Актёрлорду да өзү тандаган. Мен көп нерсеге аралашкан деле жокмун. Ал гана эмес, тартуу учурунда кандай кызыктуу учурлар болгонун да билбейм. Бул ырды көптөр бирөөгө арнап жазгандайсың деп айта беришет. Чынын айтсам, атайын бирөөнү карап алып, ошол адамга арнап жазган эмесмин. Болгону обонуна ушул сөздөр дал келип калган", - дейт ырчы.

13-ДЕКАБРДАН 20-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Асема Токтобекованын "Жашоо - бакыт" клиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Тотомидин Жолдошевдин "Ошко" клиби бул ирет мурунку аптадагы көрсөткүчтөн 2 тепкичке ылдыйга түшүп, 9-орунга ээ болду.

8-орун - Жакут Сыдыков менен Гүлсүн Бостонкулованын тамашалуу "Бассам, турсам" ыры мурунку жумада да дал ушул орунду ээлеген.

7-орунда - "Non-Stop" дуэтинин "Жаныма кел" ырынын клиби турат.

6-орун - Айжамал Кабылованын "Ата-эне" деп аталган клиби өткөн аптага салыштырмалуу 3 тепкичке жогорулаган.

5-орун - Мээрим Карыпованын "Күндөйүм" чыгармасы бул ирет 5-орунга ээ болгон.

4-орун - "Добулбас" тобунун "Жайна" клиби өткөн аптага салыштырмалуу азыраак каралган.

3-орун - Мурунку жумада тизмеге жаңы кошулган Аида Маканбаеванын "Өмүрлөшүмө" чыгармасы алдынкы үчтүктү багындырган.

2-орун - Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" клиби бул ирет 2-орунда.

1-орун - Ал эми өткөн аптада тизмеге жаңы кошулган дагы бир чыгарма Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Жүрөгүм" видеокомпозициясы 1-орунга илинди.

Сүйүктүү композицияңызды алдынкы орунга чыгаруу сиздин колуңузда. Ал үчүн бул шилтеме аркылуу "Супер-хиттин" добуш берүү бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur8777
2017-12-20 14:34:21
Ильяз ийгилик! Ильяздын ырларыны укканда жаштык кезим эске келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан