НТС телеканалына учурда Өмүрбек Бабанов эмес, Данияр Мырзаев аттуу жаран ээлик кылат. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өткөрүп жаткан маалымат жыйынында "Grexton capital LTD" компаниясынын жактоочусу Елена Дзимидович билдирди.
"2015-жылдын 4-ноябрынан бери телеканал Данияр Мырзаев аттуу жаранга таандык. Бабанов ээлик кылат деп айтылып келгени менен, расмий түрдө ага катталган эмес. Бирок 2010-жылдын апрелдеги окуялардан кийин каналды рейдерлик жол менен тартып алынганда Бабанов аралашкан", - деди Дзимидович.
Ал эми "Grexton capital LTD" компаниясынын НТСти жабуу аракети жок экенин кошумчалады. "Биз каналды жабуу аракетин көрбөйбүз. Бирок мен каналдын жетекчилиги менен сүйлөшүүгө аракет кылганым менен, мени имаратка киргизбей жатышат", - деди ал.
Айта кетсек, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.
Сот департаментинин маалыматына караганда, НТС телеканалынын мүлктөрүн камакка алуу боюнча аныктаманы Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2017-жылдын 19-декабрында чыгарган. НТС телеканалынын жетекчилиги менен келишилген сүйлөшүүгө ылайык, соттун аныктамасын аткаруу 20-декабрга жылдырылган болчу. Азыркы тапта сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн каттап жатышат.
НТС телеканалы депутат Өмүрбек Бабановго таандык делет. Ушул жылдын 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.
2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.