Бүгүн, 22-декабрда өкмөттүн жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов санавиацияны өнүктүрүү керектигин көтөрүп чыкты. Анын айтымында, өлкөдө жол кырсыктары жана башка кырсыктан жаракат алгандарды тийиштүү жерге тез арада жеткирүү көйгөй жаратууда.
Өкмөт башчы Сапар Исаков министрдин демилгесин колдоп, эки тик учак алуу керектигин айтты. Анын бири өлкөнүн түндүк аймагына, бири түштүк аймакка берилет.
"Биз жакында тик учак алуу боюнча Корея менен сүйлөштүк. Эки тик учак алышыбыз керек. Биздин өлкө тоолуу аймак болгондуктан санавиацияны өнүктүрүү абдан маанилүү иш", - деди Исаков.