SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектердин аял киши болбой калганына сүйүнгөн себептери" деген тема талкууга алынган.
Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:
"1. Үйгө келcең тамак-аш даяр, "эмне жасайм бүгүн" деп ойлонбойсуң;
2. Эс алууга баратканда аялдарга окшоп 5-6 чемодан эмес, бирөө эле аласың;
3. Боёкко акча кетирбейсиң;
4. Ысыкта майкаңды чечип жүрө берсең болот;
5. Сумка көтөрбөйсүң, болсо дагы ичинде биздикиндей шагыраган нерселер жок;
6. Эки бут кийим жетиштүү".
"Эркектер базарга барганда бизге окшоп базар жабылгыча кыдырбайсыңар".
"1. Бирөөнү сүйүп калса намысты карманбай биринчи болуп бетке айтканга мүмкүнчүлүгү бар;
2. Маникюр жана педикюр деген нерсе менен баш оорусу жок;
3. Кыздардан айырмаланып болгону 2 эле чач жасалгасы бар: чачы бар, чачы жок дегендей;
4. Курбум тигиндей көйнөк алыптыр, мен да алышым керек деп достор менен атаандашмай жок;
5. Ичкиликти ичкенде "мас болуп калсам эмне болот" деп баш оорутпайт;
6. Абийирди сакташ керек деген нерсе такыр жашабайт".
"Кыз чыкпай калып кайын журт алдында уят болобуз" деп ойлонбойбуз".
"Аялдарыңар менен урушсаңар деле үйүңөрдө каласыңар. Апаларыңардыкына кетпейсиңер".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.