super.kg logo

Жаңы жылдын алкагында Ош шаарында өтө турган маданий иш-чаралардын тизмеси

 

Ош шаарында Жаңы жылга карата уюштурулуп жаткан иш-чаралар тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Анда майрамдын алкагында өтө турган оюн-зооктордун программасынын тизмеси түзүлгөн. Майрам алдында шаардыктар программанын негизинде эс алуусун пландоосу эске алынып, тизме жарыяланганын билдирет маалымат кызматы.

25-декабрь:

12.00 — "Келечек" балдар чыгармачылык борборунда "Мэрдин балатысы" өтөт. Программа "Сыйкырдуу жомок" деп аталат. Оюн-зоокко шаардын мектеп-интернаттарынан, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунан, балдар үйлөрүнөн жана билим берүү мекемелеринен чакырылган 155 бөбөк катышат. Кичинекейлерге берилүүчү белектерге мэрдин өздүк фондусунан 150 миң сом акча бөлүнгөн.

14:00-16:00 — Ош шаарында жайгашкан балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектер тапшырылат.

18:00 — Мэриянын жаштарга арналган жаңы жылдык кечеси уюштурулат. Ага Ош шаарынан 500гө жакын мыкты окуган студенттер, эл аралык таймаштарда байгелүү орундарды багындырган спортчулар, жаш депутаттар, жаш ишкерлер, ишкана-уюмдарда жана ЖМК тармагында эмгектенген жаштар чакырылган.

31- декабрь

14:00-16:00 — Борбордук аянтта Жаңы жылды тосууга арналган майрамдык программаны шаардык билим берүү башкармалыгынын чыгармачылык тобу баштайт.

16:00-17:00 — №1 Саид Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин Жаңы жылды тосууга арналган концерттик программасы уланат. Ош шаардык маданият башкармалыгынын колдоосу менен балдар үчүн цирк өнөрпоздорунун шоу-программасы тартууланат.

17:00-18:00 — Пётр Чайковский атындагы искусство мектебинин жаңы жылдык концерти башталат.

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт.

18:00- 19:40 — Ныязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын чыгармачылык тобу жаңы жылдык концертин баштайт.

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек драма театрынын кызматкерлери жаңы жылдык концертин тартуулайт.

19:40-20:00 — Ош шаардык маданият башкармалыгынын алдындагы чыгармачылык топторунун жаңы жылдык иш-чаралары калаа тургундарына тартууланат.

20:00- 20:10 — Борбордук аянтта жаңы жылдык шоу-программанын негизги бөлүгү башталат.

20:15-20:25 — Жаңы жылдык фейерверк.

20:25-20:40 — Ош шаардык маданият башкармалыгы чоң программадагы жаңы жылдык оюн-зоок концерти улайт. Шаардагы белгилүү ырчылардын, чыгармачылык топтордун жаңы репертуардагы хит, шансон ырлары тартууланат.

20:40-22:00 — Ош шаардык Жаштар комитетинин чыгармачылык тобунун жаштар үчүн жаңы жылдык бий кечеси болот.

22:00-00:00 — "Жаңы жыл-2018" майрамдык оюн-зоок программасы аяктайт.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.12.2017. 01:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
26-05-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 23:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Коз жаштарга ишенбеген шаар
-5
Ишенсенер омурумдо бир жолу болсо да жаны жылды тосуу учун аянтка барбаптырмын, деги эле омуру балатынын жанынан коргон эмесмин.

Эмне дейбиз, иш чараларга ийгилик.
Ош шаарыбыз онуго берсин.
25.12.2017. 07:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
22-03-2014
Соӊку аракети:
10-08-2018 05:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sagyn.91,
Жок дегенде мектепте жагынан корсон керек
(Жоок девалба эми)
25.12.2017. 12:17 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1110
Катталган:
01-01-2017
Соӊку аракети:
11-06-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Sagyn.91Аша калпычы болгон бийлик жалган суйлойт.Соке пример болушту кутпогом деп келип азыр ажо.Артист туулган кунун эмгек синирген грамата ала турган кунун билбейм деп калп суйлойт сенда ошолордун арасында экенсин!Мектепке барбай тоодо журду десен тоодо да арча бар сен ошондо каерден жаралдын?! Фантазёр калпычы!Бироону эмес озуну алдадын!!!Жалганчы эч качан жарыбайт!!!!
Azatbek83 түзөттү 2017-12-25 12:23:12
25.12.2017. 02:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
741
Катталган:
26-06-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 13:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Гульча
-3
Жаны жылды семья мн тосконго не жетсин!!!
25.12.2017. 09:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
613
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
20-11-2018 18:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны жыл уй-булолук майрам
25.12.2017. 13:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
02-03-2018 16:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Аянтка барбаптырмын деп жатат, мектеп, уйду айтып аткан жокко. Мисалы мен деле аятка барган эмесмин бир да жолу жакын жашасам да, саат 12де аткан тарс-турстары угулуп турса да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117936;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: