Түштүк Африка Республикасында эки тумшуктуу мышык туулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, эки тумшуктуу мышыкты жарык дүйнөгө алып келген мышыктын эч кандай өзгөчөлүгү болгон эмес. Жаңы туулган мышыктын ээси анын бул өзгөчөлүгүн байкап, дароо мал доктурга алып барган. Ал жактан мышыкка Бетти Би деген ат берилген.
Ал азыркы тапта кадимки мышыктардай эле чоңоюп жаткандыгын мал доктурлар белгилешкен. Ошондой эле өзгөчө мышыкка ээси социалдык тармактан баракча ачкан. Ага катталган адамдардын саны аз убакыт ичинде эле 20 миңден ашкан.