SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу "Жарайт сити" долбоорунун жигиттери. Тактап айтканда, жаш стендапчы, "тамашоучу" жана актёр, ТНТ каналындагы "Comedy Баттл" шоу берүүсү аркылуу калың элге таанылган Мыктыбек Мукаев (Мыкы) жана көпчүлүк элге мурутчан агайдын образы менен эсте калган жаш актёр Нурсултан Курсанали уулу конокто болушат.
"Мен аткарган милиция кызматкеринин образы тартуу аянтчасында жаралган. Мурут чаптап алып отурсам «кел, сен аткарып көрчү» деп калышты. Каткырып ойногонум баарына жагып, бул роль мага бекитилди. Кыргыздын харизмасын көрсөтүп, күлкү тартуулаган мындай байке көпчүлүк үй-бүлөдө бар деп ойлойм. Мени бул образда көргөндөрдүн көбү 40 жаштагы киши деп ойлошот экен. Бирок мен 1993-жылы туулгам", - дейт Нурсултан Курсанали уулу.
Ал эми Мыкы сүйүү мамилесин курганга ылайыктуу кыз таппай келет.
"Буга чейин бир кыз менен сүйлөшүп көрдүм. Тартуу иштери менен такыр бошой албай ушунчалык тиги кыздын алдында ыңгайсыз абалда болуп жүрдүм. Бирок колумдан келишинче эле көңүл бурууга аракеттендим. Азыр эми жакшы эле, дос болуп калдык", - дейт ал.
Таланттуу жана тамашакөй жигиттерге арнаган жылуу сөздөрүңүз же мыкты суроолоруңуз болсо +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу жиберсеңиз болот. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Жигиттер суроолорго 27-декабрь күнү саат 15:00дө баштала турган түз эфир учурунда жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.