Орто-Токой суу сактагычын башкарууну толук Кыргызга өткөрүү боюнча Жогорку Кеңеш акыркы чечимди кабыл алды

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеӊеш Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну үчүнчү окууда жактырды.

Добуш берүүгө жалпы 116 депутат катышып, 111 депутат “макул”, 5 депутат “каршы” деп добуш берди.

Келишимге ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен Кыргыз өлкөсүнө өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан