Apple компаниясы IPhone телефондорунун иштөө ылдамдыгын начарлатканы үчүн кечирим сурады

Apple компаниясы IPhone телефондорунун иштөө ылдамдыгын начарлатканы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз колдонуучуларды смартфондун мыкты мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылууга аракет жасайбыз. Суукта жана батареянын төмөнкү көрсөткүчүндө смартфондун активдүүлүгүн сактоо үчүн литий батареялары бара-бара начар боло баштайт", - деп билдирет компаниядан.

Ошондой эле келе жаткан жылы колдонуучуларга батареянын көрсөткүчү тууралуу көбүрөөк маалымат бере турган программалык камсыздоо чыгара турганын жана смартфондордун iPhone 6 жана буга чейинки үлгүлөрүнүн батареясын алмаштыруу баасын 79 доллардан 29 долларга чейин төмөндөтө турганын жарыялады.

Айта кетсек, Apple компаниясы IPhone телефондорунун жаңы моделдери чыккан сайын, эски үлгүдөгү аппараттарынын ылдамдыгын начарлатып коё турганын айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан